Президент Садыр Жапаров 26-июнда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын чуу жараткан түзөтүүлөрүнө кол койду. Мыйзамга кирген түзөтүүлөр мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитинде жарык көргөн.
Ошол эле кезде, президенттин сайтынын кол коюлган мыйзамдар бөлүмүндө документ азырынча жарыялана элек. Парламент депутаттары мыйзам долбоорун 17-июнда үчүнчү окууда жактырышкан.
Бул эмнени билдирет?
Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр бардык коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) иши тууралуу отчёт берүүгө, анын ичинде бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдардын мүлкүн жана кызматкерлеринин жеке маалыматтарын да берүүгө милдеттендирет.
Жапаровду колу коюлган түзөтүүлөргө ылайык, КЭУнун айкындыгы тууралуу 17-берене дагы эки пункт менен толукталган. Эми КЭУлар маморгандарга кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү тууралуу отчёт тапшырып турушу керек.
«Ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары тууралуу маалыматтар мамлекеттин коммерциялык сырдын предмети боло албайт», — деп айтылат документте.
Дагы окуңуз: Кризис учурунда бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү кимдер эмне үчүн сүрөмөлөп жатат?
Аны менен катар, кайтарымсыз негизде каражат алган коммерциялык эмес уюмдар, жыл сайын 1-апрелге чейин салык кызматынын сайтына өткөн жылдагы киреше булактары, алардын сарпталышы боюнча маалымат жайгаштыруусу керек.
Ошондой эле, мыйзамга кирген түзөтүүлөргө караганда, КЭУлар сатып алган, колдонгон жана башка жактарга өткөрүп берген мүлктөрү тууралуу маалымат берип турушу керек. Маалыматты жайгашытруунун формасы менен тартибин министрлер кабинети аныктайт.
Ошол эле учурда, бул пункттар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин коммерциялык эмес уюмдарына тиешеси жок.
Түзөтүүлөрдү ким демилгелеген?
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бактыбек Райымкулов. Анын пикиринде, бул мыйзам ишке ашса «кыргыз мамлекеттүүлүгүн башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоп, элдин салт-санаасын жана маданиятын сактап калат.
Ошол эле мезгилде, депутаттын төрт жыл ичиндеги расмий декларациясына таянсак, карамагында 72 чарчы метрлик батири гана бар. 2017-жылга чейинки декларацияда 1989-жылы чыккан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасын гана көрсөтүп келген.
2020-жылдын февралында депутат маектеринин биринде 2011-жылы чыгарылган Lexus LX 570 үлгүсүндөгү жаңы машина сатып алганын айтып берген. Мындай унаанын баасы абалына жараша 30 миңден баштап 40 мин АКШ долларын чапчыйт. Бирок бул автоунаанын эң эле жупуну баасын алып карап көрсөк деле, ал баары бир деле Райымкуловдун 2018-жылга карата бир жылдык кирешесинен кыйла көп.
Тема боюнча: Фирмалар, бодо мал, көк бөрү. Бейөкмөт уюмдардан отчёт алгысы келген депутат Райымкуловдун байлыгы
Мыйзамды кабыл алуу кандай кесептке алып келээрин мурда эл өкүлү Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналына айтып берген. Анын пикиринде, маалыматты көчүрүү жана коммерциялык сырдын таптакыр жок болушу катардагы кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизет.
«Демек донорлук жардамдар кыскарат, жумушсуздук күчөйт — бул сектордо өтө көп жарандарыбыз эмгектенишет. Бул өкүнүчтүү, биздин депутаттар пайдалуу нерсе иштеп чыкпай эле, тескерисинче, жумушсуздукту көбөйтүп жатышат. Тилекке каршы, ушундай болуп атат», — деген ал.