Коронавирустун 1 238 жаңы учур катталып, 10 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 8-июлда өлкөдө коронавирустун 1 238 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 50 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 693 (20 медик);

Чүй облусунда — 151 (төрт медик);

Баткен облусунда — 89 (тогуз медик);

Ош облусунда — 82 (алты медик);

Ош шаарында — 67;

Жалал-Абад облусунда — 86 (сегиз медик);

Ысык-Көл облусунда — 38 (үч медик);

Нарын облусунда — 17;

Талас облусунда — 15.

Ошондой эле өткөн суткада 757 бейтап айыгып, 10 бейтап каза болду — алардын алтоо Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 135 739га жетти. Оорудан 115 513 бейтап айыгып, 2 073 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 525 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 186 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 12 506 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.