Шаардык кеңештерди кайра шайлоо: «Клооп» саат 12ге карата кандай мыйзам бузууларды каттады?

«Клооптун» Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шайлоо участкаларында жүргөн байкоочулары шаардык кеңештердин кайра шайлоосунда мыйзам бузууларды каттап жатышат. Саат 12:00гө карата кандай бузуулар байкалганын айтып беребиз.

Чучукулак

Байкоочулар Ош шаарындагы № 5904 участкасында чучукулак өткөрүлбөгөнүн айтышты.

«Биз кечээ эле чучукулак өткөргөнбүз, бүгүн кайра өткөрүүнүн зарылчылыгы деле жок. Башка байкоочулардын катышуусунда жүргөн», — деп билдиришкен УШК мүчөлөрү.

Биздин байкоочулар арыз жазышты, бирок УШК мүчөлөрү аны кабыл алуудан баш тартышты.

Ушундай эле мыйзам бузуу Токмокто №7063 участкасында байкалган. УШК төрайымы «көзөмөл тизмесинин өзүн ачуу эле чучукулак болуп эсептелинерин» билдирди. Биздин байкоочулар арыз толтурушту, бирок төрайым аны кабыл алуудан баш тартты.

Бишкектеги №1028 участкасында дагы чучукулак өткөн эмес. Бул тууралуу биздин байкоочулар кабарлашты. Алардын айтымында, УШК мүчөлөрү чучукулакты 9-июлда эле өткөрүп койдук деп жооп беришкен — бул мыйзам бузуу болуп саналат.

«Жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзам боюнча чучукулак добуш берүү күнү таңкы саат 07:00дө өткөрүлүүгө тийиш. Анда УШК мүчөлөрүнүн милдеттери бөлүштүрүлөт.

Тизмелер

Бишкекте №1217 участогунда «Биздин Кыргызстан» партиясынын байкоочулары добуш берип чыккан шайлоочулардын тизмесин жүргүзүп жатышты.

«Өнүгүү Прогресс» менен «Ишенимди» байкоочулары да кем калышкан жок. Байкоочуларыбыз Бишкекте №1217 жана № 1343 участкаларында алар добуш берген шайлочуларды тизме түзүп белгилеп жатышканын байкашкан.

Ошондой эле, Ош шаарындагы №5312 УШКнын жанында белгисиз аял шайлоочуларды тосуп алып, тизмектеп жатат. «Клооптун» байкоочулары муну видего тартып алышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шаардык кеңештерди кайра шайлоо. Саат 12:00гө карата 12,47% шайлоочу добуш берди (жаңыланат)