Кайра шайлоо: Кечки саат 20:00го карата болгону 30,51 % шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 2021-жылдын 11-июлунда, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин кайра шайлоосу өтүп жатат. Бул кайрадан шайлоо, анткени 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Шайлоочулар депутаттардын партиялык тизмесине добуш берип жатышат. Бишкек шаарында — 18, Ошто — 9, Токмокто — 6 партия катышып жатат.

Саат 20:00го карата үч шаарда шайлоочулардын болгону 30,51%ы добуш берди. Шайлоочулардын эң эле активдүүлөрү — Ош шаарында. Бишкекте шайлоочулар добуш берүүгө аз келип жатат.

Үч шаарда жалпы 188 396 шайлоочу добуш берди.

Барынан да Бишкекте добуш берүүгө келгендердин саны аз болууда: болгону 24,54% шайлоочу.