Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 11 киши каза болду, жаңы 1 330 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

12-июлда коронавирустун жаңы 1330 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 1219, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 76. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 890;

Ош шаарында — 18;

Чүй облусунда — 116;

Ош облусунда — 41;

Жалал-Абад облусунда — 71;

Ысык-Көл облусунда — 43;

Нарын облусунда — 23;

Талас облусунда — 15;

Баткен облусунда — 110.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 140 978ке жетти.

Ал эми акыркы суткада 763 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 412, Чүй облусунда — 130, Ош шаарында — 24, Ош облусунда — 40, Талас облусу — 3, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 72, Баткен облусунда — 50, Нарын облусунда — 5 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 118 771 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 694 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1358 киши оор, 221 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 14 240 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 6 859.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Чүй облусунда — эки, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 113 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 42 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 15, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 13, Чүй облусунда — 3, Ош жана Талас облустарында — экиден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 920га жетти, анын ичинен 5 154 медкызматкер илдеттен айыкты.