Боом капчыгайындагы жол кырсыгы. Ишти министрлер кабинети көзөмөлүнө алды

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Боом капчыгайындагы бир нече автобус катышкан жол кырсыгынын себебин иликтөө министрлер кабинетинин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Аны менен катар, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова маморгандарга жол кырсыгынын себебин аныктап, күнөөлүүлөрдү табууну тапшырды.

11-июлда Бишкек — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында Ысык-Көлдөгү лагерден жаш балдарды ташыган беш автобусдун үчөө жол кырсыгына кабылган. Саламаттык сактоо министрлигинен кырсыктын кесепетинен алты адам Кеминдин ооруканасына жеткирилгенин билдиришти. Жабыркагандардын бирөө 1993-жылы туулган, калгандары жашы жете элек өспүрүмдөр.

Жаш балдарды ташыган автобустарды жол инспекторлору коштоп бараткан. ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев «Клоопко» билдиргендей, автобустун алдында бараткан «Хонда Одиссейдин» айдоочусу жол кырсыкка учурап, жолдо токтоп туруп калган.

«Хонда Одиссейди» көргөн инспекторлор токтогон, алардын артында келе жаткан эки автобус дагы токтогонго үлгүргөн. Бирок үчүнчү автобус токтогонго жетишпей алдыдагы автобустарды жана эки жеңил унааны сүзүп алган.