Боомдо лагерден кайткан үч автобус жол кырсыгына учурап беш киши жабыркады

Бишкек — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында Ысык-Көлдөгү лагерден жаш балдарды ташыган беш автобусдун үчөө жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен беш адам ооруканага жеткирилди — алардын төртөө жаш бала.

Жаш балдарды ташыган автобустарды жол инспекторлору коштоп бараткан. ИИМдин Жол кыймылынын  копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев «Клоопко» билдиргендей, автобустун алдында бараткан «Хонда Одиссейдин» айдоочусу жол кырсыкка учурап, жолдо токтоп туруп калган.

Исаевдин айтымында, «Хонда Одиссейди» көргөн инспекторлор токтогон, алардын артында келе жаткан эки автобус дагы токтогонго үлгүргөн. Бирок үчүнчү автобус токтогонго жетишпей алдыдагы автобустарды жана эки жеңил унааны сүзүп алган.

Исаев учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле маалымат катчы автобустарда канча жаш бала болгону жана жабыркагандар тууралуу кийинчээрек кошумча маалымат берилеерин айтты.

11-июлда өлкө боюнча төрт адамдын өмүрүн алган эки жол кырсыгы катталды. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында болгон: «Хонда Одиссей» менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки адам каза болду. Дагы алты адам жаракаттар менен ооруканага жеткирилген — алардын абалы оор.

Экинчи жол кырсыгы Ош облусунун Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында болду. Анда «Лексус-570» менен «Тойота-Королла» унаалары кагылышып, эки адам каза болгон. Андан сырткары үч киши жабыркап ооруканага жеткирилген.