Кум-Бел жайлоосундагы Чагылган деп аталган дөнсөөдө адаттагыдан башкача эл көп.
«Карапайым элде эмне күнөө?» — таяк таянган аял кейиштүү суроо узатты. Бул жерге Нарын облусунун Кочкор жана Нарын районунун малчылары чогулган. Чоңдор бир жайлоого кантип батышты талкуулап жатканда, ары жакта эки райондун балдары бирге ойноп жүрүшөт.
Нарын шаарынан Кум-Бел жайлоосуна чейинки жол бир жарым сааттык убакытты алат. Ал Нарын районунун аймагына караштуу, бирок 1958-жылы бийлик аны Кочкор районунун малчыларына узак мөөнөттүү пайдаланууга берген. Аталган мөөнөт 2020-жылы эле аягына чыгышы керек болчу, бирок айыл чарба министрлиги аны дагы 10 жылга узарткан. Учурда Кум-Бел жайлоосунун жайыттарына эки райондун тең малчылары малын жаят.
Майрамбүбү Бектурганова жолдошу экөө 12 жылдан бери Кочкор районунун малын багып, жайлоого чыгат. Майрамбүбүнүн ата-энеси дагы малчы болгон. Баскан-турганы тың, кыймылы жеңил, кара тору келген орто жаштардагы шайыр аялдын маанайы жайлоо көйгөйүн айта келгенде кадимкидей суз боло түштү.
«Үч жыл болуп калды, биздин айыл өкмөттүн малчылары жайлоого батпай жатабыз. Былтыр Нарын районунун эли чабандарды киргизбей, жүктөрүбүз, бала-бакырабыз менен жолдо беш күн турдук. Жаан-чачын болду, тамак-ашыбыз түгөнүп, нандарыбыз көгөрүп, айлабыз кетти» — деп эскерет ал.
Майрамбүбүнүн айтымында, ошол окуядан кийин малчылар башка жайлоонун жайытына кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок ал жерде дагы чабандар бири-бирине жакын конуп, үйүрлөр кошулуп кетип, күнүгө бөлүп убара болушкан.
«Чабандар бири-бирине аябай жакын жайгашып, малдары кошулуп, күндө бөлүп убара болушту. Суу жок, саздан суу ичип жатышты. Биз ал жерге да батпай, Солтон-Сарыга бардык. Ал жердин айыл башчысы бизди батырбай, малдарыбызды айдап, желебизди чечип азапка салды. Кенедей беш чабан Кыргызстанга батпай калганыбызга аябай ызаланам», — деп кейиди ал.
Жайлоодон жайлоого көчүп жүрүп ошол жылы Майрамбүбүнүн үй-бүлөсү алты уюн жоготкон. Күйөөсү балдары менен 10 күн бою уйларды издеп таба алган эмес. Анда койлору да өлүп чыгымга учурашкан.
Быйылкы жылы жайыт талашып жаткан эки айыл өкмөттүн Жайыт пайдалануучулар бирикмелери сүйлөшүп, Кум-Бел жайлоосуна Кочкор районунун жети чабаны киргизилген. Бирок чабандарга бир гана кокту берилип, алардын малы 500 баштан ашпасын деп сүйлөшүлгөн.
«Былтыр малыбыз арык болуп, уйлар айылга араң барды эле. Быйылкы жылы деле ошондой болот окшойт. Биздин жети чабанга бир кокту жетпейт. Жердин тоюту бат эле жок калат», — деди Майрамбүбү.
«Мындай талаштар кээде өлүм менен аяктайт»
«Эгерде кочкорлук чабандар макулдашкандан көп мал айдап келсе, сөзсүз чара көрөбүз. Мындай талаштар адам өлүмү менен аяктап келген, — деп коркутту чор баскан колдору менен башындагы калпагын оңдоп Нарын районунун чабаны Дөөлөтбек Сманбаев. — Эгерде жайыт маселеси өз убагында чечилбесе, анда 2030-жылга барып абал кооптуу болуп калышы мүмкүн».
Ал райондун чабандары Кочкордун эли менен чырдашууга аргасыздыктан барганын айтат.
«Былтыр кургакчылык болуп чөп дагы чыкпай койду. “Малдын саны көп, өзүбүзгө жайыт тартыш” деп Кочкорлук чабандарды киргизбей койгонбуз. Негизи Кум-Белдеги жайыт Жерге-Тал айылынын малына эле туура келет», — деп түшүндүргөн Дөөлөтбек.
Сманбаев Кум-Белдин жайытында 30 жылдан бери мал жаят. Ал жайлоого жаңы чыккан жылдары жайкалган көк шибер бура бастырбай жыш болгонун эскерди. Учурда ал жылкылары ачка калбашы үчүн кичи мекени Жерге-Тал айылынан жайлоого чөп ташып келүүгө аргасыз. Бирок ага карабай малдын төлү азайган.
Дөөлөтбек жайлоо өтө эле такырланып кетти деп эсептейт. Эгерде эки райондун эли жайлоону 2030-жылга чейин пайдалана берсе, ал жараксыз абалга келиши мүмкүн деп кооптонот. Жараксыз абалга келген жайытты калыбына келтирүү үчүн бери дегенде 30 жыл керектелет.
Кум-Белде азыр маселе жокпу?
Министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев азыркы учурда Кум-Бел жайлоосунда эч кандай көйгөй жок деп эсепетейт. Анын айтымында, жайыт көйгөйү элдин кочкорлук малчылардын жайытты колдонуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартылганы тууралуу маалыматы жоктугунан келип чыккан.
«Жайыт департаменти өздөрү эле чечип коюп, эл билбей калган. Ошондон улам чатак чыккан. {...} Биз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, азыркы учурда маселе жок», — деп билдирген ал.
Жайыттардын деградацияга кабылганы тууралуу маселе, аткаминердин ишендиргени боюнча, жергиликтүү бийлик, губернатор жана жайыт комитеттери менен талкуулангандан кийин «татыктуу чечилет».