Адвокат: Орхан Инанды аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргызстандык ишке ашырганын айтты

Орхан Инанды

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз «Азаттыкка» маек куруп, анын кардары ким тарабынан жана кантип уурдалганын, сурактын жүрүшү жана абалы тууралуу айтып берди.

Адвокат Инандынын көрсөтмөлөрүнө таянып, ал Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын билдирди.

«Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргыз улутундагы киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт», — деди Йылмаз.

Ошондой эле, Йылмаздын айтымында, Инандыны 1-июнга караган түнү уурдаган кишилер анын көздөрүн таңышып, унаа менен беш-алты саат кара жол менен белгисиз жака алып барышкан. Анын эртеси күнү ал учак аркылуу Түркияга жеткирилген.

«Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт. Бирок кара жол менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышып, эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Бирок кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын көзү таңылуу болгон үчүн билбейт», — деди адвокат.

«Өзүн “мыйзам буздум, күнөөлүүмүн” деп эсептебейт»

Түркиялык ЖМКлар Инанды «ФЕТОнун Борбор Азиядагы менеджери болгонун мойнуна алды» деген маалыматты таратышкан. Анткен менен Инандынын адвокаты Инанды өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу гана айтып бергенин билдирип, күнөөнү мойнуна албагынан айтты.

*Түрк бийлиги Инандыны «террор уюмду башкарууга» айыптап жатат. Түркиянын президенти Инандыны ФЕТОнун Борбор Азиядагы башкы менеджери катары сыпаттаган. ФЕТО же диний аалым «Фетхуллах Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылып, 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыпталууда. Бирок Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

«Мектептерди кантип уюштурганын, кимдерден акча келгенин айтып берди. “Бул ишти кылганыма эч өкүнбөйм, бүгүн да мүмкүнчүлүк болсо аны менен алектенем, балдарга билим бердим” деп жатат [...] Көрсөтмөлөрү 89 барак болду. Бирок анда күнөөлүү экени тууралуу эч бир өкүнүч жок. Өзүн “мыйзам буздум, күнөөлүүмүн” деп эсептебейт», — деди Йылмаз.

Адвокат Орхан Инандынын сөзүнө таянып Түркияда ага психологиялык басым жасалып жатканын, бирок уруп-согуп денесине зыян келтиришпегенин айткан. Йылмаздын пикиринде ага Кыргызстандан уурдалганда денесине залал келтирилген. Инанды Түркияда экени ачыкталгандан кийин анын сүрөттөрү да жарыяланган. Андан ал арыктап, бир колу шишип, сакалдары өсүп калганын көрүүгө болот.

«Кечээ коопсуздук органынан абакка которулду. Азыр Анкарадагы Синжан түрмөсүндө кармалып турат. Кыргызстандын элин жакшы көрөрүн айтып кой деди. "Мектептер эмне болот?" деп санаа тартып жатат», — деди Йылмаз.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү белгисиз кишилер тарабынан уурдалган. Ал эми 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Улуттук чалгындоо кызматы Инандыны атайын операциянын натыйжасында кармаганын билдирди.

Инандыны «аңдып жүргөн» спортчу

Инандынын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын Кыргызстанда коргогон адвокат Таалайгүл Токтакунова аны уурдоого спортчу Арсен Айылчиев жана депутат Шайлообек Атазовдун тиешеси бар деп божомолдогон. Анткени Инанды уурдалган күнү анын унаасынын видеорегистраторуна Айылчиевге түшпөлдөш киши түшүп калган.

«Алардын бири төшүндө жазуусу бар, кызгылт сары, дененин өңүндөй түстөгү футболкачан киши Арсен Айылчиев экени аныкталды. Дагы бир кишинин аты, биздин маалымат боюнча, Асылбек деген адам», — деди ал.

Токтакунова ошондой эле Инандыны «аңдып жүргөн» спортчу менен депутат Атазов тамактануучу жайда бирге түшкөн сүрөтүн да жарыялаган. Анын айтымында, Атазовго 28-июнда Түркияда «Жылдын алтын адамы» наамы жөн эле берилген эмес.

Көп өтпөй Атазов Токтакуновага жооп кайтарып, адвокат ал жөнүндө «жомокторду жазганын» билдирген.

«Орхан Инанды учурда Түркияда жүрсө, бул сүрөттө турган баланын кандай тиешеси бар? Инандыны Түркиянын атайын кызматы алып кеткен деп түрк маалымат булактары чыгарып жатат. Сүрөттөгү бала кыргыз болуп турат», — деген ал.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов спортчу Айылчиев 31-май күнү — Инанды уурдалган күнү — «Есенин бар» эс алуучу жайында белгисиз киши менен отурганын ачыктады. Ошол эле убакытта «Есенин барга» жанаша жайгашкан «Адриано» кафесинде Инанды ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев жана анын уулу менен жолугушкан.

Көп өтпөй Инанды кофеканадан чыгып унаасын айдап чыгып жатканда ыктымал Айылчиев жана анын жанындагы киши өздөрүнүн унаасына отурууга шашылышкан. Бул учур Инандынын унаасындагы регистраторуна түшүп калган.

Табышмактуу учак

1-июнда түркиялык Habererk басылмасы Инандыны «Женгиз Иншат» авиакомпаниясынын учагы менен Кыргызстандан чыгарып кетүү үчүн ал Бишкектин аэропортуна жеткирилгенин, бирок кыргыз бийлиги «буга жол берген жок» деп жазышкан. Мындан улам Инанды «Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде кармалып жатат» деп басылма кабарлаган.

Анткен менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бул маалыматты четке каккан.

Ошол эле учурда соцтармактардын колдонуучулары 1-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна чынында эле түрк учагы конгонун жазышып, ал Инандыны алып кетүү үчүн Түркиядан келген деп божомолдошкон. Бирок аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул маалыматты төгүндөп, аталган учак 1-апрелден бери Кыргызстандын аймагында болгонун жана өлкө аймагынан чыкпаганын билдирген.

Ошондой эле Курбанова бул учакты «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу компанияны тейлей турганын кошумчалаган.