«Кара пиар». Шайлообек Атазов Инандынын адвокатына жооп берди

Шайлообек Атазов

Депутат Шайлообек Атазов анын «Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар болушу мүмкүн» деген маалыматты фейсбук баракчасында «кара пиар» деп атады. Ал Инандынын адвокаты Таалайгуль Токтакунова «мен жөнүндө жомокторду жазыптыр» деп билдирди.

Ошондой эле Атазов өзүнүн балдары «Сапат» лицейинде билим алаарын белгилеп, «балдарыма билим берген агайды мен кантип уурдайм» деп суроо салды.

«Жоголгон алгачкы күндөрдөн тартып митингдерге чыгып, сессияда “агай билим берүүгө чоң салым кошкон инсан, аны табыш керек” деп сүйлөп жүрөм. Кара пиар уюштургандардын бул боюнча маалыматы жок болуп калыптыр!» — деп жазды Атазов.

Ал «кара пиардын» артында «сойку депутаттар, кайсы бир өлкөнүн элчилери, кайсы бир министрлер» турат дейт.

Инандынын адвокаты мугалимди «аңдып жүргөн киши» делген спортчу Арсен Айылчиевдин Атазов менен бир дасторкондо отурган сүрөтү бар болгондуктан парламентарийден күмөн санаган эле — анткени Инандыны аңдып жүргөндө видеорегистраторго түшүп калган киши менен Атазов таанышы түспөлдөш. Ошондой эле эки кишинин футболкасы окшош болуп чыккан.

Бирок Атазов «кишилерди футболкасына карап окшоштуруу түркөйлүк» дейт. Ошол эле учурда Атазов таанышынын аты-жөнүн ачыктаган жок.

«Орхан Инанды учурда Түркияда жүрсө, бул сүрөттө турган баланын кандай тиешеси бар? Инандыны Түркиянын атайын кызматы алып кеткен деп түрк маалымат булактары чыгарып жатат. Сүрөттөгү бала кыргыз болуп турат», — деди ал.

Анткен менен айрым түркиялык массалык маалымат каражаттары Түркиянын чалгындоо уюму Инандыны «Кыргызстандан УКМКнын жардамы менен алып чыгып кетти» деп жазышууда.

Түркиядан «Жылдын алтын адамы» наамын алганы боюнча

Атазов 28-июнда кесиптеши Айбек Осмонов менен Түркияда «Жылдын алтын адамы» наамын алган. Депутат бул сыйлыкты алуу менен Инандынын жоголушунун эч кандай байланышы жок деп ишендирди.

«Стамбулда алган сыйлыгым, парламент депутаттары, фракция лидерлери, шаар мэри менен жолугушуумдун эч кандай Орхан Инандыга тиешеси жок. Менин депутаттык сапарым эки элдин достук мамилесин чыңдоо, мамлекетибизге инвестиция тартуу максатында болду. Бул иш чараны да көрө албай, ичи тарып жаткан саясатчылар силерге Кудайдан ыйман, бакыт тилейм!» — деп сөзүн жыйынтыктады Атазов.

Шайлообек Атазов парламентке 2021-жылдын март айында гана депутат болуп келген. Бирок бир катар жаңжалдар жана кызыктуу пикири менен элге танылганга үлгүргөн.

Ошондой эле ал бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы. Депутат февралда өткөн Матраимовду колдоо митингине модераторлук кылган.

Инандынын уурдалышына депутат Атазовдун тиешеси бар болушу мүмкүн — Таалайгүл Токтакунова