«Жарымы кыргыз, жарымы жапон стилинде болду». Дизайнер олимпиадалык форма боюнча сынга жооп берди

Социалдык тармактарда Токиодогу жайкы Олимпиадага жолдомо алган Кыргызстандын курама командасынын параддык формасы талкууга алынып жатат. Айрымдар форманы «тойго же сахнага арналып жасалгандай» деп баа берген, кээ бирлери болсо форма аларга жакканын айтышкан.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, форманын бир комплекти 95 миң сомго жасалган. Формага кеткен каражаттардын баарын Улуттук олимпиадалык комитет көтөргөн.

«Негизги кийимдин оң тарабында кыргыздын улуттук оймо-чиймелери, ал эми сол тарабында жапон элинин таанымал символикалары тартылган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы достук жана биримдикти чагылдырат», — деп билдиришти агенттиктен.

«Биздин элге бир нерсе жакчу беле?»

Параддык форманы «Дилбар» мода үйү тиккен. Ушул эле компания 2012 жана 2016-жылдары дагы олимпиадалык форманы даярдап берген. «Дилбар» мода үйүнүн арт-директору Дилбар Ашимбаева «Super.kg» басылмасына маек куруп, алар форманы олимпиадалык комитетинин техникалык тапшырмасына ылайык жасашканын билдирди.

Ашимбаеванын айтымында, комитет форма улуттук колоритте болуп, Жапониянын сакурасы камтылсын деген тапшырма берген.

«Менин оюмча парадга биздин курама чыгып, стадион бойлой басканда Жапониянын маданиятына кыргыз өлкөсү кандай сый мамиле кыларын аталган өлкө гана түшүнөт. Костюмдун жарымы кыргыз стилинде, жарымы жапон стилинде болду. Биз көнүп калган кыргыз колоритинде эмес. Маралдын мүйүзү, эр жүрөктүүлүктү чагылдырган орнамент жана Жапониянын назик сакурасы», — деди ал.

Ошондой эле Ашимбаева буга чейинки Олимпиадаларга тигилген формаларга да «терс пикирлер айтылган» деп билдирди.

«Биздин элге бир нерсе жакчу беле? Канча жылдан бери тигип келе жатабыз, эч качан эч нерсе жакчу эмес. Качан гана чет өлкөлүктөр тарабынан жакшы пикирлер келе баштаганда, башкача реакция кыла башташат. Байкайсыңарбы, бизде эч ким эч качан бир нерсени мактабайт. Бири-бирибизди жамандап турабыз. Негатив гана айтып турушубуз керек», — деди Ашимбаева.

Ал эми спорттук кийимдердин комплектилерин кытайлык Tectop компаниясы демөөрчү катары бере турган болду. Аталган компания 2018-жылдан бери Улуттук олимпиадалык комитет менен кызматташат.

«Комплекте 15 кийим кирет: бир нече футболка, атайын кофта, ветровка, бут кийим, баш кийим жана башкалар. Улуттук курама команданын мүчөлөрү бул форма менен машыгат, Олимпиадалык айылды кыдырат жана сыйлоо аземине чыгат», — деп билдиришти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен.

Жайкы Олимпиада Жапониянын Токио шаарында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Кыргызстандан Олимпиадага 18 спортчу жолдомо алган.

Олимпиадада биринчи орунду алган кыргызстандык спортчуларга 10 млн сом, экинчи орунду алгандарга 7 млн сом жана үчүнчү орунду алгандарга 3 млн сом берилет. Ал эми ийгиликке жетишкен спортчунун башкы машыгуучусуна сыйлык акысынан 30%, улук жана жеке машыктыруучуга 25% жана алгачкы машыктыруучуга 10% төлөнүп берет.

Ошондой эле медициналык персоналга олимпиадалык оюндарынын жалпы байге фондунан 10% пайыздык премия берилет.