Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Сүрөт: Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Спортчу 5 миң метр аралыкка чуркайт. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кеңешбеков үстүбүздөгү жылдын 24-26-июнь күндөрү Беларусь мамлекетинин Минск шаарында өткөн эл аралык мелдеште 5 миң метр аралыкта чуркап алтын медаль жана 1500 метр аралыкта чуркап коло байгенин ээси болгон.

Буга чейин Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын 17 спортчу жолдомо алган болчу.

Буга чейин эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев, ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова, дзюдочу Владимир Золоев, балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Атабек Азизбеков, Жоломан Шаршенбеков, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоломан Кубанычбеков, эркин күрөшчүлөр Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбан жеңил атлеттер Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицская алган.

2020-жылы Жапониянын Токио шаарында өтө турчу 32-жайкы Олимпиада оюндары COVID-19 пандемиясынан улам Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 2021-жылга жылдырылган. Ал эми Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөөрү айтылууда.