Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши 14-июлда COVID-19га каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды. Анда коронавирус менен ооругандардын саны көп болуп жаткандыктан, вакцина алуу учурда актуалдуу экени айтылат.
«Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма — бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат [...] Ошондуктан Аалымдар Кеңеши COVID-19дун алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө вакцина алууга каршы эмес», — деп жазылат фатвада.
Буга чейин муфтият коронавируска каршы вакцина алуу Орозонун шарттарын бузбайт деп билдирген.
Кыргызстан 18 жаштан жогору жарандарга Кытайдын «Синофарм», Орусиянын «Спутник-В» вакцинасы акысыз сайылып жатат. 15-июлга карата өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 140 миң 922, экинчи дозасын 87 миң 147 киши алды.
Ал арада акыркы суткада коронавирустун жаңы 1 290 учуру катталып, 10 киши каза болду.