Жыл сайын 16 жаш курактагы 400-500 өспүрүм балдар үйүнөн тарбияланып чыгат. Ата-энесиз чоңойгон балдардын дээрлик баарынын бараарга жери, туруктуу иши да жок болот. Алар баш калкалоочу жайга жетүү үчүн аргасыздан баарына даяр болушат.

Жанара 15 жашка толгондо өз үйүндөй болуп калган Оштогу балдар үйүн таштап кетүүгө убакыт келгенин түшүнгөн. Анын өз үй-бүлөсү, достору да жок болгондуктан бараар жери белгисиз болчу. Арадан сегиз жыл өткөнү менен Жанара үйлүү да, үй-бүлөлүү да боло алган эмес.

Кыргызстанда 138 интернат мекемеси иштейт, аларда болжолу менен 12 миң бала тарбияланат. Жыл сайын 9 классты бүтүп-бүтпөй 400-500гө чукул улан-кыз балдар үйүн таштап кетет. 16 жашка толуп-толбогон өспүрүмдөрдү кээде гана болбосо, дээрлик эч ким күтпөйт.

«Биздин укук» жана «Интербилим» коомдук бирикмелери балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн турак жай шарттарын изилдешти. Сурамжылоого ылайык, ар бир үчүнчү бүтүрүүчү окууга же социалдык баш калкалоочу жайга багыттама албайт. Турак жай маселесин мындай балдар өз алдынча чечүүгө аргасыз болушат.

Жанара 15 жашында Оштон Бишкекке келген, борбор калаада аны балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык үйгө кабыл алышкан. Ал жакта жашоо үчүн өспүрүм окушу керек болгон: Жанара чач тарач кесибин тандап алган. Кыска мөөнөттүү окуудан өткөндөн кийин ал кайрадан көчөдө калып, жашы желе элек болгонуна карабастан иштөөгө мажбур болгон. Бала кароочу, официант — иши кылып кайсыл жерге жумушка алса, ошол жерде иштеген. Эң башкысы турак жайдын ижара акысын төлөөгө акча табылып турса болду эле.

Изилдөөгө ылайык, ар бир үчүнчү бүтүрүүчү өз алдынча ижарага турак жай алып жашайт. Бирок бардык шарты бар батирде жашоого ар бир онунчусунун гана чамасы жетет. Көбүнесе жаштар чет жакадагы жеке секторго отурукташышат — бул шаар ичинде батирге чыкканга караганда арзан.

Жанара ошондой үйлөрдүн бирине батирге чыккан. Батирдин ээси Жанарага 1 500 сомго бөлмөдөн кичинекей койка орунду берет, бөлмөдө андан башка дагы үч кыз жашайт.

Эч кандай шарты жок. «Баары бир ашканадан, бир ажаатканадан пайдаланышат. Бөлмөдөн чыксаң эле эшик, — деп эскерди ал. — Суусу короодо болчу, муздак, жылытууга туура келчү. Үйдү жыткыч сайып жылытчубуз. Кышкысын ал жерде жашаган кыйын эле болчу. Розеткалар күйүп кетчү, себеби бөлмөнүн баары [электржылыткычтарын] сайышчу. Ошол эле жерде, бөлмөнүн ичинде плиткада тамак жасачубуз. Ашкана биринчи кабатта болчу, ал ачык болуп, суук эле».

Турак-жай маселесинен улам балдар үйүнүн бүтүрүүчү кыздары жаш болгонуна карабастан эркектер менен бирге жашоого макул болушат дейт Жанара. Эч кандай жактыруу сезими деле жок, жигиттин батири болсо жетиштүү. Бул алар үчүн «оңой оокат». Билим албаган кыздар бараар жери жок болгондуктан «эч кандай жоопкерчилик албай» бала төрөгөнгө дагы даяр болушат. Кыргыз коомчулугу никеси жок эле бирге жашагандарга терс көз карашта болгону менен бул кыздарды коргогон эч ким жок.

Жанара турмушка чыккысы келбейт, алгач эч кимден көз карандысыз болсом дейт. Бирок азырынча каникулда гана толук кандуу иштей алат.

«Мен “Бир сааттык апа” агенттигине жумушка орношком, — деп айтып берди Жанара жумушу тууралуу. — Стажировкадан өтпөш үчүн өзүм тааныган адамдарга иштеп жатам. Эгерде тамак бышырып, баланын кийимдерин үтүктөп, артынан жыйнай турган болсом бир күнгө 800 сомдой, эгер баланы эле карасам — 500 сом алам».

Жанара театр жана кино актрисасына окуп жатат. «Окуумду бүтсөм кесибим менен иштейм, — деп кыялданат ал. — Батир, машина алып, андан кийин турмушка [чыгам]». Чындыгында театрда үй сатып алуу үчүн акча таппайсың, дейт Жанара: «Театрчылар аз табышат. Бирок актёрлордун жардамы менен алып баруучу же тамада болуп иштеп кетсе болот». Кинодо Жанаранын тажрыйбасы аз. «Бир эле кинодо тартылгам, бирок бет ачары учурунда өзүмө жакпай калды. Мугалимибиз азырынча киного тартылууга тыюу салып жатат», — дейт ал.

Жанара азырынча окуусун аяктай элек, ошондуктан жатаканада жашай алат. Ал бир бөлмөдө дагы беш кыз менен чогуу турат.

Балдар жөнүндө кодекске ылайык, жетимдер 16 жаштан тартып кезексиз турак жай алууга укуктуу. Бирок бүтүрүүчүлөрдүн 5%га жакыны гана өз укуктарын билет.

Үй же жер тилкесин алыш үчүн Жанара алгач кезекке турушу керек. Жакында ал мэрияга кирип, арыз жазып, документ тапшыруу үчүн атайын Ошко барган. Бирок үй же жер алуу процедурасын толук түшүнө албай койгон.

«Ош мэриясына бардым, ал жакта бир киши отуруптур, кароолчу окшойт, — дейт мэрияга болгон алгачкы сапарын айтып. — “Экинчи кабатка чык” деди. Чыктым, анкета толтурдум. “Батир алууга кезекке тургум келет” дедим. Бирок кезекке тургузушкан жок, эмнеге экенин — билбейм».Жанара ошону менен Ош мэриясына барган эмес. Анткени жол узак жана акысы да кымбат. Ал жок дегенде батир укугуна ээ болуш үчүн эмне кылуу керектигин билүүнү каалайт, бирок кимден жана кай жактан сурашты билбейт.

Ошол эле балдар үйүнүн дагы бир бүтүрүүчүсү Фатиманын* (каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү) иши оңунан чыккан. Ага Ош мэриясы батир белекке берген. Бирок, үч бейтааныш эркек менен жашоого туура келет — алар да балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү.

«Төрт бүтүрүүчүгө батир беришти: мага жана үч балага. Алардын экөө бир туугандар, бирок мага туугандыгы деле жок», — деп түшүндүрдү Фатима. Ал белекке алган батирде жашагысы келбейт. «Эркек балдар менен эки бөлмөлүү батирде кимдин жашагысы келсин?» — деп суроо салат ал.

Фатима кубанса болот: анын батири «Лотос» балдар үйүнүн 20 жылдык тарыхында мэрия бөлүп берген алгачкы турак жай болду, деп «Клоопко» балдар үйүнүн мурдагы директору айтып берди.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн бир кесиптин ээси болгуча убактылуу болсо да баш калкалоочу жай алуунун бир гана жолу бар. Ал үчүн студенттерге жатакана жана стипендия берүүчү кесиптик-техникалык окуу жайларга же курстарга тапшыруу керек. Бирок мындай шарт кээ бир эле окуу жайларда бар, бирок алар абитуриенттер арасында популярдуу эмес.

«Балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү каалаган кесибин тандай албайт, — деп түшүндүрөт “Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубаева. — Бала убактысын өзүнө жаккан эмес, ага сунуш кылынган окуу жайдагы окуусуна гана коротот. Аны окутушкан кесип рынокто дайыма эле атаандаштыкка туруштук бере бербейт. Бул ал башка жакшыраак камсыздалган балдар менен бирдей эмес шартта экенинен кабар берет».

Укук коргоочулар Бишкек жана Ош шаарынын муниципалдык органдары ушул шаарларда жашаган, үй-жайга муктаж жетим балдардан кабар албай жана алардын санын да билбей турушканын аныкташты. 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жетимдерге болгону 8 үй берилген.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө батир алуу үчүн кезекте 88 жетим бала турат. 2020-жылга чейин аларга үй берилген эмес. Бирок былтыр чиновниктер кезек күткөндөргө 7 турак жай таап беришкен. «Клоопко» мэриядан балдарга мамлекет «ээси жок» деп тапкан үйлөр жана батирлер берилет деп түшүндүрүштү. Бирок алгач аларды аныктап, баланска коюп, андан соң менчикке берсе болот.

Батирге ээ болуш үчүн жетим балдар алгач турак жайга кезекке турушу керек — муниципалдык администрацияга (акимиат, мэрия), өзү жашаган же убактылуу жашап жаткан аймактын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө арыз менен кайрылуу керек. Бирок, алгач документ чогултуу кажет:

  • кыймылсыз мүлк жоктугу тууралуу аныктама — мамкаттоо кызматынан алынат;
  • жашаган жерден аныктама — аймактык башкармалык же үйдү тейлеген компания берет;
  • үйдү же үй шартын кароо жөнүндө акт — аларды үй башчы же квартальный жетим кай жерде, көп батирлүү же жеке үйдө жашаганына жараша түзөт.

Документтер топтому тиркелген арызды комиссия карап, бир айдын ичинде чечим чыгарат. Эгер чечим оң натыйжалуу болсо, арыз берүүчү каттоого алынган күнү жана кезек номери жазылган кат түрүндө жооп алат.