Жаңы Конституциянын авторлорунун бири Жапаровго кеңешчи болду

Президенттин басма сөз кызматы 16-июлда Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык Бекбосун Бөрүбашов өлкө башчысынын кеңешчиси болуп дайындалганын кабарлады.

Бөрүбашев тууралуу эмне белгилүү?

Бекбосун БөрүбашевКыргыз-орус Славян университетинде эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор.

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп дайындалган. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы версиясын иштеп чыккан.

Бир катар депутаттар жана эксперттер бул кеңешменин мыйзамсыз экенин көп жолу айтып чыгышкан. Конституциялык кеңешме 100дөн ашык адамдан туруп, анын курамына президент Садыр Жапаровдун идеялаш жана үзөңгүлөш адамдары кирген. Андан тышкары, манас таануу, салттуу билим жана кыргыздардын руханий дүйнөсү боюнча адистер кирген.

Бөрүбашев маектеринин биринде жаңы Конституцияны беш юрист менен бирге 2006-жылы эле жазганын айткан. Кийин бул маалыматты Садыр Жапаров дагы тастыктаган. «7-каналга» курган маегинде Бөрүбашевдин Конституциянын «атасы» жана «аталарынын» саны боюнча айткандарын жарым-жартылай тастыктаган.