Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңеш түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Аталган кеңешменин мүчөлөрү 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорун карап чыгышы керек.

Жаңы орган эки жолу отурум өткөрдү. «Клооп» 89 адамдан турган Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнүн тизмесин талдап чыкты. Алардын арасында коомдук ишмерлер, Садыр Жапаровго үзөңгүлөш-депутаттар, Талант Мамытов менен Садыр Жапаровдун тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар жана башка көптөгөн кызыгуу жараткан кишилер бар.

Кеңешменин жетекчилиги

Бекбосун Бөрүбашев — Конституциялык кеңеменин төрагасы. Ал Конституциянын жаңы долбоору үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин билдирип, ал тургай өзүн долбоордун авторлошу деп атады.

Ал Кыргыз-орус Славян университетинде эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор. Конституциялык кеңешменин отурумунда диктатуранын орношуна айрым саясий партиялар күнөөлүү деп айткан.

Канат Керезбеков —Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары, КСДПнын депутаты. Юридика илимдеринин доктору, Конституциянын жаңы долбооруна кол койгон 80 депутаттын бири.

Осмон Тогусаков — бул дагы Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.

Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеген депутаттар

Салайдин Айдаров«Кыргызстан» партиясынын депутаты, учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун партиялашы, бажы кызматынын генерал-майору. 2019-жылдын февралында фракциянын жыйынында уюлдук телефондон оюн ойноп отургандыгы үчүн кескин сынга кабылган.

Нурбек Алимбеков — «Кыргызстан» партиясынын депутаты. Саясатчынын жубайына катталган ири бизнестери декларацияга кирбей калган. Анын ичинде үч курулуш компаниясы дагы бар. Алардын бири «Папан курулуш» ишканасын саясатка келгенге чейин Нурбек Алимбеков өзү башкарып келген.

Кенжебек Бокоев — «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат. 5-октябрда саясий кризис башталгандан кийин ал Жапаровду өкмөткө «Матраимовдордун» депутаттары алып келатат деп билдирген.

Абдумажит Юсуров — «Өнүгүү-Прогресстен» депутат. Ал акыркы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын курамында барган.

Акылбек Жапаров — «Бир Болдун» депутаты, Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси. Ал буга чейин Конституциянын жаңы долбоорун «президенттин администрациясы, юстиция министрлиги жана өкмөт иштеп чыкканын», ага ошондогу президенттин жана премьердин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун сунуштары киргизилгенин (учурдагы Баш мыйзам боюнча бул толук мыйзамдуу эмес) билдирген.

Адыл Жунус уулу — «Республика — Ата-Журт» партиясынын депутаты. Жаңы Конституциянын демилгечилеринин бири. «Экономист» басылмасынын маалыматына караганда, Жунус уулу 2019-жылы салык декларациясында, кен казуучу компаниядагы үлүшү тууралуу бери дегенде үч жылдык маалыматты жашырып койгон. Депутат өзү бул маалыматты четке каккан.

Аалы Карашев — КСДПнын депутаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагынын адиси. Акыркы парламенттик шайлоого «Республика» партиясынын катарында барган.

Байгазы Кенжебаев — «Республики — Ата-Журттун» депутаты, ал парламентке алтынчы чакырылыштын мөөнөтү аягына келип калганда, анын партиялашы мандатын тапшыргандан улам келген. Буга чейин спортто карьера жасаган: күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, 2013-жылдан бери Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти.

Үмбөталы Кыдыралиев — «Республики — Ата-Журттун» депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү. Жакында эле көмүр сатып алууга байланышкан чырлуу окуянын фигуранты болгон. Ошондой эле, вице-премьер Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин бекитүү учурунда Кыдыралиев анын жумушун эмес, 5-октябрдагы окуяларды талкуулаган.

Кыдыралиев «Кыргызстанда эч качан, эч ким жаштарды кемсинткен эмес» жана алардын укугун чектеген эмес деп билдирип, улууларды жана ислам динин сыйлоого чакырган. Аны менен катар, протестке чыккан жаштардын артында чет элдик державалар турат деп айтып чыккан. Акыркы шайлоого «Замандаш» партиясынын атынан катышкан.

Марлен Маматалиев — «Республики — Ата-Журттун» депутаты, акыркы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» курамында катышкан. Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун окубастан анын демилгечиси катары кол койгон.

Гүлкан Молдобекова — КСДПнын депутаты, акыркы шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» курамында катышкан. Кыргызстан профсоюздарынын өкүлдөрү ал «профсоюздардын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун жубайы» болгону үчүн профсоюздар тууралуу мыйзам долбоорун сүрөмөлөгөн деп эсептешет.

Улан Примов — КСДПнын депутаты, октябрдагы шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышкан. Анын үй-бүлөлүк бизнеси резонанс жаратып, талаш-тартыштын очогуна айланып, тендерлерге катышып келет. Алар кен казуучу компания, кыш чыгаруучу завод жана телеканал. «Маалыматты манипуляцилоо тууралуу» мыйзам долбоорун колдоп добуш берген.

Бактыбек Райымкулов — «Республики — Ата-Журттун» депутаты, акыркы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» менен катышкан. Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынган коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси.

Нурбек Сыдыгалиев — «Ата Мекендин» депутаты. Мындан тышкары ал коомдук ишмер жана академик катары көрсөтүлгөн.

Нурлан Сырдыбаев — 2020-жылдын августунда эле «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон.

Бактыбек Турусбеков — «Бир Болдун» депутаты, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча комиссияга мүчө болгон. Акыркы шайлоого «Биримдик» менен катышкан.

Жыргалбек Турускулов — «Республика-Ата Журттун» депутаты, жогорудагы депутат мүчө болгон комиссияга кирген. Акыркы шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» курамында ат салышкан.

Экс-депутаттар

Номанжан Аркабаев — Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты. Садыр Жапаровду Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча коргогон адвокат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Темир Сариевдин талапкерлигин колдогон.

Казыбек Шайымбетов — «легендарлуу парламенттин» 1990-1994-жж. депутаты. Чолпон-Атадагы мамрезиденциянын мурдагы башчысы, «Союз» партиясын жетектеп, люстрация үчүн чыгып жүргөн. 2017-жылы президенттикке талапкерлигин койгон. Ошол эле жылы шайлоодон кийин массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип, камакка алынган.

Эсенгул Исаков — бешинчи чакырылышта «Ар-Намыстан» депутат болуп келген. Парламенттен кеткенден кийин эл үчүн иштөөнүн ордуна мандаттарын тапшырып жаткан депутаттарды сынга алган. Президенттин аппаратынын соттук реформалар бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаевди сотторго кысым кылат деп айыптап, ага каршы чыккан. Кийинчерээк Арабаев коррупцияга шектелип кармалган.

Окумуштуулар, академиктер жана ардактуу профессорлор

Абдылдажан Акматалиев — академик, Илимдер академиясынын мүчөсү, кыргыз фольклорунун жана «Манас» эпосун изилдөөчү. Акматалиев кыргыз тилин улуттар аралык баарлашуунун тили катары конституциялык деңгээлде калыптандырууну сунуш кылган.

Кеңешбек Алымбеков — Кыргыз экономикалык университетинин профессору, техникалык илимдердин кандидаты. Конституциянын жаңы долбоорунун «башкы өзгөчөлүгү» — президенттин жоопкерчилиги деп эсептейт.

Батыркул Баетов — КМКТАУнун профессору, экономика илимдеринин доктору. Энергетика министрлигинин статс-катчысы катары белгилүү, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча күбө катары суралган. Кыргыз энергетикасы тууралуу жарык көргөн бир катар макалалардын автору жана авторлошу.

Максат Чакиев — КУУнун ардактуу профессору. Чакиев — маданият, малымат жана туризм министринин мурдагы орун басары. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана жалган документ жасоо боюгча чырлуу ишинен кийин кызматтан бошотулган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2014-жылы чет элдик жаранга Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин туризмди өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү деген жасалма күбөлүк ыйгарып, кызмат акысына акча алган. Андан соң, ишмердүүлүгүн иликтөөнү токтотуп, өзүнөн алыс болушу үчүн милиция кызматкерлерине 92 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган.

Жумабек Жаилов — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору.

Абубакир Жураев — Кыргыз-Орус Славян университетинин дизайн жана архиктетуранын математикалык негиздери кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор.

Турдубек Жапаров — Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин доктору.

Алмаз Кадыралиев —Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты. Кыргыз экономикасын жашылдандыруу идеясын сүрөмөлөп жүргөн.

Сыргак Кыдыралиев — БААУнын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты.

Каныбек Осмоналиев — физика-математика илимдеринин доктору. Мурдагы билим берүү министри, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы башчысы, экс-депутат, Садыр Жапаровдун тарапташы.

2020-жылдын март айындагы Жапаровду колдоо митингинин уюштуруучуларынын бири. Бул митингден кийин Осмоналиевге иш козголгон. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу, жакындарынын суранычы менен Осмоналиев үй камагына чыгарылган. Жапаров эркиндикке чыгып, бийликке келгенден кийин Каныбек Осмоналиевдин талапкерлиги КУУнун ректорлугуна сунушталган.

Болот Токсонбаев — М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору.

Абылабек Асанканов —Кыргыз улуттук илимдер академиясындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, мүчө-корреспонденти. Кыргыздардын этногенези тууралуу көптөгөн эмгектердин автору.

Мар Байжиев — Кыргызстандын улуттук киноакадемиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу. 85 жаштагы маданий ишмер атасынын жолун жолдогон — жазуучу жана «Манас» изилдөөчү Ташым Байжиевдин уулу, «Манас» эпосун орус тилине которгон.

Чолпон Койчуманова — КРнын УИАнын Борбордук аппаратынын Гуманитардык изилдөөлөр борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор. Азыркы Кыргызстандагы айылдык аялдардын ролу жана орду изилдөөсүнүн башында турган.

Нур Саралаев — УИАнын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору. Буга чейин ЖМКда Саралаев мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганы деп жазып келген.

Ысманалы Мукасов — КРдин Улуттук илимдер академиясынын улуттук жана чет элдик философия бөлүмүнүн башчысы, мүчө-корреспонденти. Мукасовдун илимий эмгектери көбүнчө философияга, уламыштарга, кыргыздардын салттуу билимине багытталган.

Сыртбай Мусаев — Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институнунун директору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогон.

Темирбек Нурматов — КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты.

Юристтер жана укук таануучулар

Сайкал Автандилова —юридика илимдеринин кандидаты, ИИМ Академиясынын доценти.

Урмат Аманалиев — юридика илимдеринин доктору, Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору.

Чолпонкул Арабаев —Улуттук илимдер академиясынын саясий изилдөөлөр жана экспертизалар борборунун директору. Роза Отунбаева бийликте турганда Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. Бир жыл мурун «Марал» радиосунун эфиринде бийлик Райымбек Матраимов тууралуу чындыкты айтышы керек деген оюн билдирген.

Назира Турсунбаева — Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык укук жана конституциялык укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты. Турсунбаева кыргыздардын салттуу укугу боюнча адис.

Автандил Арабаев — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор. 2007-2009-жылдары Арабаев Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясынын аткаруучу комитетинин орун басары, кийин партиянын башчысынын орун басары болгон. Ал парламенттин төртүнчү чакырылышынын депутаты жана Конституция боюнча адис катары белгилүү.

Нурлан Шерипов — юридика илимдеринин доктору, конституционалист. Атамбаевдин учурунда Мамкаттоонун статс-катчысы болгон. 2016-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 100 миң сом пара алуу учурунда кармалган. Көп өтпөй Шериповго карата козголгон кылмыш иши кыскартылган, анткени пара делген акча «карыз» болуп чыккан. Ошол эле жылы Шерипов Мамлекеттик миграция кызматын жетектеген.

Лейла Сыдыкова — Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору, КРдин эмгек сиңирген юристи. Сыдыкова КР Жазык кодексинин, жоруктар жана бузуулар кодексинин долбоорлорун иштеп чыккан жумушчу топту жетектеген.

Жаныбек Бокоев — КУУнун профессору, юридика илимдеринин кандидаты. КРдин соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясынын башында тургандардын бири.

Венера Болтобаева — «ЛАРК аналитикалык изилдөөлөр борбору» коомдук фондунун башчысы, адвокат, жер маселелери боюнча укуктук эксперт, Адвокаттар окутуу борборунун тренери катары белгилүү.

Чынара Ботоева — ИИМ Академиясынын мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент. Ботоева мамлекет жана укуктун теориясы багытында адистешип, 40тан ашык эмгектерди жазган.

Марат Жаманкулов — юстиция министри. Минюстту 2 жылдан бери жетектеп келе жатат. Абылгазиев менен Бороновдун министрлер кабинетинен отставкага кетпестен, Жапаровдун өкмөтүнө өткөн жалгыз аткаминер.

Курманкул Зулушев — Кыргызстандын башкы прокурору. «Республика — Ата-Журттан» алтынчы чакырылышта депутат болгон. Ага чейин 15 жылдан ашуун прокуратура органдарында жана судья болуп иштеген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Зулушев дагы бир судья Медербек Сатиев менен кызматтан алынган. Анткени алар Ак үйдү штурмга алып, бийликти күч менен басып алууга айыпталган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду аактаган.

Байтемир Ибраев — мурдагы прокурор. 2010-жылдын апрель айынан сентябрына чейин Башкы прокуратураны башкарган. Анын дарегине 2010-жылдагы Ош окуяларында чыныгы күнөөкөрлөрдү жоопкерчиликтен бошоткон деген айыптар айтылып келген. Ибраевдин фамилиясы 2010-жылдагы апрель окуяларына байланышкан жаңжалга да аралашкан. Бирок жоопкерчиликке тартылган эмес. Өз кесиби менен иштөөнү улантып, ал тургай башпрокурордун орун басарлыгына чейин жеткен.

Гүлбара Калиева — Жогорку соттун төрайымы.

Токон Мамытов — Кыргызстандын акыйкатчысы. Мамытов эмгек жолун 80-жылдары Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкери катары баштаган. Кыргызстан эгемендик алгандан тартып УКМКга кызматка өткөн. 2013-жылы коопсуздук боюнча вице-премьер болгон.

Нурлан Исмаилов — «Ала-Тоо» эл аралык университетинин юриспруденция кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты, доцент.

Таалайбек Исманов — Эл аралык университеттин (МУК) Дистанттык окутуу боюнча мультимедия институтунун доценти, юридика илимдеринин доктору.

Улугбек Курманкожоев — Орусиянын элдердин достугу университетинде юриспруденция багыты боюнча магистр.

Болот Малабаев — КУУнун юридика факультетинин докторанты.

Алимардонбек Мамасаидов — адвокат, юридика илимдеринин кандидаты.

Болот Токтобаев — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мамлекет жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору.

Кынатбек Сманалиев — КУУнун юридика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор. Сманалиев 2019-жылы күчүнө кирген КРдин беш жаңы кодекс жана эки мыйзам жазуу боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири [бул КРдин Жазык кодекси, жоруктар жөнүндө кодекс жана Жазык-процессуалдык жана Жаза аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндөгү кодекс, шарттуу жазага тартуу жана мунапыстын негиздери, мунапысты колдонуу тартиби жөнүндөгү мыйзам].

Билим Райымкулов — Кыргызстан адвокатурасынын Адвокаттар кеңешисинин төрагасы. 2019-жылы Райымкуловдун аты талаш-тартышта аталган: адвокат Арман Кыйгырова Райымкулов жогорку юридикалык билими тууралуу дипломду ТИЗОдо отурганда алганын айтып, аны дагы башка укук бузууларга айыптаган. Ал эми Райымкулов айыптоолорду четке кагып, аны Жогорку сот 1998-жылы эле жапканын айтып, соттолгонун моюндаган.

Учурда Кыйгырова кат менен башкы прокурор Зулушевге кайрылды: анын айтымында, Райымкулов батирге байланыштуу алдамчылык тууралуу иштин фигуранты жана ИИМ аны 2013-жылдан бери издеп жатат.

Эксперттер

Абсалам Абдраимов — жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт катары көрсөтүлгөн.

Медер Алиев — көз карандысыз эксперт деп көрсөтүлгөн. Ал өзүн көз карандысыз юрист деп атап келет, ал 2012-жылы парламенттик башкаруу системасын колдоп, «Парламенттик система партиялык диктатордук кылуу эмес» аттуу макаласын жазган. Мурда «Демократ» партиясынын курамында болгон.

Улан Шамшиев — көз карандысыз эксперт катары көрсөтүлгөн. Буга чейин Мамлекеттик миграция кызматында иштеген.

Гүлмира Маматкеримова — көз карандысыз эксперт катары көрсөтүлгөн. Атамбаевдин тушунда дагы, Жээнбековдун тушунда дагы президенттин алдындагы Сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү болуп иштеген.

Ирина Летова — көз карандысыз эксперт катары көрсөтүлгөн. Укук таануучу жана Жазык кодексинин бир катар мыйзамдарынын долбоорун даярдаган жумушчу топтун мүчөсү катары белгилүү.

Коомдук ишмерлер

Марат Кайыпов — Конституциялык соттун экс-судьясы, Курманбек Бакиев президент болуп турганда юстиция министри болуп иштеген. Ал ЖМКларда 2012-жылдагы Ак үйдү басып алууга аракет кылуу тууралуу иш боюнча Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди колдоп, аларды Атамбаев адилетсиз айыптаган деп эсептеген.

Бөкөнбай Атабеков — коомдук ишмер катары көрсөтүлгөн.

Кемел Ашыралиев — экс-депутат, «легендарлуу парламенттин» курамында болгон, Нарын облусунун мурдагы губернатору. 2020-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Мелис Мураталиев — «Бакдөөлөт» фондунун жетекчиси. Фонд кыргыз таануу жана кыргыз идеяларын иштеп чыгуу менен алектенет. Мураталиев «Азаттыкка» курган маегинде, фонд «кыргыз бүгүнкү күнгө чейин кайсы түрдө сакталып калганын, эрткеңкисин кантип куруш керектигин» изилдейт деп айткан.

Асанбек Сарыбаев — коомдук ишмер. 2005-жылдагы революциянын активдүү катышуучусу, өкмөт курамына кирип, кийин Бакиевге карата оппозицияга өтүп кеткен. Мындай кадамга Конституция жана премьер баштаган аткаминерлердин президенттик администрация жана Бакиевдин жакын адамдарынан көз каранды болгондугу себеп болгон. Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) катчылыгын жетектеп, кийин кыймылдан четтеп кеткен.

Садирдин Төралиев — коомдук ишмер, Минюсттун базасында «Суусамыр» карыларды колдоо коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн. Конституциялык кеңештин биринчи отурумунда эле Конституцияны таптакыр жаңылоо керектигин, керек болсо анда жазылган, даяр баш мыйзамдын долбоору бар экенин айтып чыкты.

Эркин Эсеналиев — Ысык-Көл облусунун көк бөрү федерациясынын директору, милициянын полковниги.

Кадыр Кошалиев — коомдук ишмер, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы. Ал коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды колдоп, «бейөкмөт уюмдар улуттук идеологияны бузат» деп билдирген. Кошалиев кеңешменин мүчөлөрүнүн тизмесинде журналист катары көрсөтүлгөн.

Нурдин Мотуев — коомдук ишмер, журналист. Президенттик шайлоого катышуудан четтетилген талапкер жана «көмүр падышасы» деген ат менен таанымал Нурлан Мотуевдин иниси. Ал Садыр Жапаровду колдоп чыккан.

Турсунбек Акун — КРдин мурдагы акыйкатчысы, коомдук ишмер катары белгилүү.

Жумагул Сооданбеков — академик жана коомдук ишмер катары көрсөтүлгөн. Кыргыз-Орус Славян универститетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу. Бир нече жыл ТИМдин Дипакадемиясын жетектеген.

Дипломатиялык корпус

Нуржан Бардинова — КР ТИМдин статс-катчысы. Мурда Бардинова Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы кызматын аркалаган.

Эдил Байсалов — Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугундагы элчиси. Буга чейин коомдук иштер менен алек болгон. 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы 7-апрель окуяларынын активдүү катышуучусу. Кийин Атамбаевге карата оппозицияга өтүп, экс-президенттин ири тендерлерде жакын адамдарынын кызыкчылыгын сүрөмөлөгөндүгү тууралуу чакан-иликтөө жарыялаган.

ЖКнын жана өкмөт аппаратынын өкүлдөрү

Адыл Эстебесов —өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары. Ошондой эле, Эстебесов Минюсттун базасында Мамкаттоо кызматынын коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башчысы катары көрсөтүлгөн.

Махамаджан Иминов — президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

Данияр Курманов — Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

Башка катышуучулар

Аманбай Өмүрзаков — баалуу кагаздар менен алектенген «Фонд Регистр» ЖЧКнын башкы директору. Кеңешменин мүчөлөрүнүн тизмесинде ушинтип көрсөтүлгөн. Бирок, реестрлер жана баалуу кагаздар менен иштөөдөн тышкары, Өмүрзаков «Моңолдор ордосу» коомдук бирикмесин башкарат. Анын иш багыты «башка топторго кирбеген башка коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү» деп көрсөтүлгөн.

Бектурган Орозбаев — КРдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу кеңешинин директорунун орун басары.

Бахтияр Салиев — КРдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин башчысы.

Зайырбек Эргешов — дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору.