Депутат Осмонов президенттин «тегерегиндегилерге» нааразы экенин айтты

Айбек Осмонов

Депутат Айбек Осмонов фейсбук барагында президенттин «тегерегиндегилерге» нааразы болду.

Ал «элдин учурдагы жашоо деңгээлине, бийликтин үч жолу алмашуусуна жана өлкө экономикасынын кейиштүү абалына президенттин айланасындагы кишилер күнөөлүү экенине ынанып баратам» деп билдирди.

«Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатында, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишишет тура. [...] Бирок, өткөөл бийликтердин тагдырынын кайталанышын биз каалабайбыз», — деп жазды ал.

Депутат кошумчалагандай, «учурда деле артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар уланып жаткандай».

Мындан сырткары, Осмонов алдын ала жыйынтык боюнча Ош шаардык кенешине өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясын тизмеден четтетип салышса да «таң калбасын» айтты.

«Ош шаарында өткөн шайлоодогу элибиздин колдоосу менен жараткан жетишкендигибиз кээ бирөөлөргө жакпагандай. [...] Андай болсо бардык партияларга мыйзам бирдей иштесе жакшы болмок!» — деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Анткен менен депутат партиясынын «ийгилиги» кимге жакпай жатканын жана президенттин айланасында так кимдерге нааразы экенин ачыктаган жок.

Осмонов жана ал негиздеген партиялар

Осмонов парламентке үстүбүздөгү жылдын 15-мартында келген. Ал негиздеген «Биздин Кыргызстан» партиясы 11-июлда Ош шаардык кеңешке өткөн кайра шайлоодо, алдын ала жыйынтык боюнча — 32,06% менен жеңишке жеткен.

Мындан сырткары, Айбек Осмонов өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо 24 пайыздан ашуун добушка ээ болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген.

Бирок бул партия шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен. Учурда партиянын негиздөөчүсү катары он адам көрсөтүлгөн, ал эми аны Матраимовдордун тарапташы, депутат Мирлан Бакиров жетектейт.

Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын да негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы болгон Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.

Депутат өзү бизнесмен катары да белгилүү. Ал мурда бир тууганы Нурбек Осмонов менен бирге «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылган. Бул холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.