Автобус менен ташылган депутаттар: «Президент бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранды»

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент менен 21-июлда резиденцияда жолуккан Жогорку Кеңештин депутаттары эмне тууралуу сөз болгонун ачыкташты. Депутат Сайдулла Нышанов негизинен өлкө башчысы менен шайлоо мыйзамын, айрыкча келе жаткан парламенттик шайлоону талкууга алышканын билдирди. Анткен менен президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта бул тууралуу камтылган эмес.

«Бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранды»

Депутат Сайдулла Нышанов «Азаттык» үналгысына курган маегинде президент «эл партиялык тизмеден тажагандыктан, бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранды» дейт. Бирок Жапаров бир мандаттуу депутаттардын саны канчоо болоорун эл өкүлдөрү өздөрү чечерин белгилеген.

«Негизинен парламентке 55 депутатты партиялык тизме, 35 депутатты бир мандаттуу округдан шайлоо маселесинин тегерегинде талкуу болду. Эмне үчүн 55 жана 35, эмне үчүн бир мандаттуу деген суроолор айтылды. Кээ бирлер 90у тең бир мандаттуудан болсун десе, айрымдары баары партиялык тизме менен, бирок добушту даректүү кылып, талапкердин фамилиясына берүү аркылуу шайланганы туура болорун айтышты», — дейт Нышанов.

Нышанов «келечекте баары бир добушту даректүү негизде фамилияга берүүгө келишибиз керек» деген пикирде. Анын айтымында, мүмкүнчүлүк болсо 90 депутаттын баарын парламентке ошол система менен алып келүү керек.

«Эгер мүмкүнчүлүк болсо, канча каражат кетерин Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери менен да такташып, фамилия боюнча бериле тургандай кылып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. Мыйзам долбоорун эртең биринчи окууда кабыл алабыз жана экинчи окууда оңдойбуз», — деди Нышанов.

Депутаттын айтымында, президент депутаттар менен 90% ушул маселенин тегерегинде сүйлөшкөн. Парламентти шайлоо боюнча мыйзамды талкуулап, адистер, депутаттар бул тууралуу пикирлерин айтышкан.

Добуштарды сатып алууну жоюу боюнча сунуш

Депутат Дастан Бекешов жолугушууда шайлоо тууралуу талкуу болгонун ырастады. Ал президентке шайлоодо добуш сатып алууну жоюу боюнча сунуштарды бергенин билдирди. Анын айтымында, шайлоочулар да ыраазы болот, күрөш да адилеттүү жүрөт.

«Шайлоочулар добуш сатып алуу учурун видеого тартып алуу керек, андан кийин добуш сатып алуучуларга чоң суммадагы айып пул салынып, анын 50%ын шайлоочуга стимул катары бериш керек, мисалы 10 миң сом», — дейт Бекешов.

Мындан сырткары, депутат добуш сатып алган талапкерлерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө тыюу салыш керек деген пикирин айткан. Ошондой эле, үгүтчүлөрдүн саны чектелүү болсун деп кошумчалаган.

Анткен менен Бекешов «берген сунушум жазылганы менен колдоо табышы күмөн» деген. «Кийинки жумадан баштап парламент шайлоо мыйзамына болгон оңдоолорду кабыл алып, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо башталат» деп жыйынтыктаган депутат.

Президенттин басма сөз кызматы эмне дейт?

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчы депутаттар менен социалдык-экономикалык, коомдук-саясий маселелер жана парламенттин кароосунда турган мыйзам долбоорлору тууралуу талкуу кылышкан. Ал эми шайлоо мыйзамы тууралуу сөз болгону камтылган эмес.

«Мамлекет башчы депутаттарга ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин айтты», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушууда өлкө башчысы Жогорку Кеңештин саясий жана коомдук турмуштагы маанилүү ролун белгилгени айтылат.

Кечээ «Спутник» басылмасы депутаттардын Жогорку Кеңештин имаратынын алдынан автобустарга чыгып, президент менен жолугушууга бара жаткандыгы тууралуу видео жарыялаган. Анда көпчүлүк эл өкүлдөрү президент менен парламенттик шайлоо тууралуу сөз боло тургандыгын айтышкан.

Депутат Айсулуу Мамашова депутаттар президентти парламентке чакыргандыгын, бирок «спикер менен өлкө башчы ушундай чечим кабыл алышыптыр» деген.

Ал арада депутаттардын автобустар менен президент менен жолугушууга жеткирилгени социалдык тармактарда сынга алынып жатат. Көпчүлүк мыйзам долбоорлору «Ак үйдө талкууланышы керек» деген оюн айтышкан.