Жогорку кеңештин депутаттары 22-июлда үчүнчү окууда жаңы Кылмыш-жаза кодексин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин кабыл алышты. Эми жаңы кодекстерге президент кол коюшу керек.
Муну менен бирге жыйында парламент депутаттары Башкы прокуратура жөнүндө Конституциялык мыйзамды дагы үчүнчү окууда кабыл алышты. Кодекстердин бардыгын жана мыйзамды башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген.
Зулушев жаңы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери менен Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулары тууралуу кодекстин долбоорлорун 30-июнда эле биринчи окууга алып чыккан.
Зулушев кодекстердин маселелери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан. Мунун негизинде 2021-жылдын апрелинде кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлгөн.
Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.
Алар президент Садыр Жапаров менен парламенттин алтынчы чакырылышына кайрылып, кодекстердин реформасын токтотуп турууну суранышкан — анткени, алардын пикиринде, реформа президенттин кайрылуусу менен тапшырмаларына каршы келет.
Тема боюнча: «Тоталитаризмге багытталган». Юристтер кылмыш кодекстерин реформалоону колдобойт
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит дагы кодекстердин өзгөртүүсүнөн коркунучтарды байкаган. Анын пикиринде, жаңы кодекстерди кабыл алуу өлкөнүн ишкердик жана инвестициялык климатын начарлатат.
Ал парламенттин профилдик комитетинин 14-июлдагы отурумунда бизнес өкүлдөрүндө кысым мурдагыдан да көп болуп жатат деген сезим жаралышы мүмкүн деп айткан.
«Атап айтканда, менин тынчсыздануум ишкерлик ишмердүүлүк декриминалдашуусу керек деген маселеге байланыштуу», — деп билдирген бизнес-акыйкатчы.
Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев бизнес-акыйкатчы «саясий билдирүү» жасап жатканын, сунушталган кодекстер колдонуудагы кодекстерге салыштырмалуу «бардык тарабынан гумандаштырылган» деп жооп кайтарган.