Бизнес-акыйкатчы: Жаңы кодекстер кабыл алынса өлкөдө инвестклимат начарлайт

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит жаңы Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстерин кабыл алуу өлкөнүн ишкердик жана инвестициялык климатын начарлатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал парламенттин профилдик комитетинин 14-июлдагы отурумунда билдирди.

«Бул сунуштар азыркы айтылып жаткан калыбында кабыл алынса, анда бизнес өкүлдөрүндө аларга мурдагыдан да көбүрөөк басым жасалгандай сезим жаралышы мүмкүн деп кооптонуп жатам. Атап айтканда, менин тынчсыздануум ишкерлик ишмердүүлүк декриминалдашуусу керек деген маселеге байланыштуу», — деп билдирген бизнес-акыйкатчы.

Андан тышкары, ал кодекстер азыркы калыбында кабыл алынса, бизнес коомчулукта президенттин ишкерликти колдоо жөнүндөгү жарлыгы аткарылбай калат деген күмөн саноо пайда болоорун белгиледи.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев бизнес-акыйкатчы «саясий билдирүү» жасап жатканын, сунушталган кодекстер колдонуудагы кодекстерге салыштырмалуу «бардык тарабынан гумандаштырылган» деп жооп кайтарды.

«Сиздер жогоруда эгерде кодекстердин ушул редакциясы өтө турган болсо, бизнес-коомчулукка коркунуч жаралат деп айтып жатасыздар. Урматтуу парламенттик угуунун катышуучулары, сиздерден бизнес коомчулугун чочутпаңыздар деп суранып кетет элем. Президенттин саясатын колдоп, президенттин тапшырмасы менен бул кодекстер жазылып жатат. Президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратурада бизнести коргоо боюнча башкармалык түзүлдү, жакында тегерек стол өткөрөбүз. Бизнес-акыйткатчыны, ассоциацияларды чакырып, келечек пландарды талкуулайбыз. Азыр укук коргоо органдары мыйзамсыз текшерүүгө барса, биз кылмыш ишин козгоп, азыр тергөөлөр жүрүп жатат»,— деп билдирди башпрокурор.

Робин Орд-Смит башкы прокурордун «саясий мүнөздө” сүйлөдүңүз деген билдирүүсүнө макул болгон жок. Бизнес-акыйкатчынын институту «саясий орган эмес экенин» баса белгиледи.

Буга жооп кылып Зулушев бизнес-акыйкатчынын институту саясий орган болбогону менен «коомдо орду жана макамы бар экенин» айтты.

Ошентсе да, башкы прокурор бизнес-акыйкатчынын сунуштарын кодекстерди иштеп чыгуучу жумушчу топ эске аларын убада кылды.

Тема боюнча: Депутаттар биринчи окууда башкы прокурор сунуштаган жаңы кодекстерди кабыл алышты