УКМК: Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу пара алууга шектелип кармалды

24-июлда Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды. Ал жолдун боюнда жайгашкан соода жайын сактап калуу үчүн кафенин ээсинен тогуз миң доллар пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага чейин бул иш боюнча мэриянын Жер ресурстар башкармалыгынын бухгалтери камакка алынган. Ал опузалап акча талап кылган деп шектелип, «мурда алынган 6000 АКШ доллары өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда» кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, кармалган бухгалтер Бишкек шаарынын вице-мэринин жогорудагы кылмышка тиешеси бар экенин билдирген.

«Кармалган адам Бишкек шаарынын вице-мэри менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу максатында кафенин ээсинен 9000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталды», — деп жазылат УКМК билдирген маалыматта.

Вице-мэр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.

Азамат Сагындык уулу борбор калаанын вице-мэри кызматына 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Азамат Сагындык уулу шаардын вице-мэри катары шаар куруу, архитектура жана жер маселелерине жооптуу болчу.

Тема баюнча:

«173 млн сомдук зыян». Башкы прокуратура Бишкекте муниципалдык жер жеке менчикке өткөнүн аныктады