«173 млн сомдук зыян». Башкы прокуратура Бишкекте муниципалдык жер жеке менчикке өткөнүн аныктады

Башкы прокуратура Бишкек шаарында муниципалдык жер тилкени сатууда 173 млн сомдук зыян алып келген коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясы 1999-жылы Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги 9,5 миң чарчы метр жер тилкени «Н.А.» аттуу жаранга ден соолукту чыңдоо борборун куруу максатында мыйзамсыз берген. Кийичнерээк, 2002-жылы, мэрия жер тилкени 49 жылга ижарага берген токтом чыгарган. Андан кийин аталган жерге көп кабатуттуу үй курулган.

«2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде жердин багыты көп кабаттуу үй курууга өзгөртүлүп “А.” жоопкерчилиги чектелген коомуна 83 520 200 сомго сатылган», — деп берилет маалыматта.

Башкы прокуратура «Анилия» ЖЧКсы тууралуу айтып жатышы ыктымал. Аталган компания 2015-жылы Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу турак жай комплексин салган.

Курулуш компания 2013-жылы Бишкек райондор аралык соту аркылуу муниципалдык жер тилкени жеке менчикке өткөрүп алып, ага көп кабаттуу үйлөрдү куруп алганы ачыкталды.

«Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык жер тилкеси жеке колго өтүп, мамлекетке 173 000 000 сомдук өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратура бул факты боюнча «Коррупция» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

«Анилия» компаниясы тууралуу эмне белгилүү?

Юстиция министрлигинин базасында «Анилия» ЖЧКсынын негиздөөчүсү катары Султанхожа Адылов, ал эми директору Нурланбек Азыгалиев деп көрсөтүлгөн. Азыгалиев 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышкан.

Ал эми «Кактус» басылмасы курулуш компаниянын негиздөөчүсү Султан Адылов Болотбек Абиров менен бизнес өнөктөш болгонун ачыктаган — алар «Бока» ЖЧКсынын ээлери. Абиров «Прогресс компани» аркылуу 2015-жылга чейин Бишкек ЖЭБине көмүр сатып келген.

Экс-депутат Аида Салянова мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Прогресс компанинин» кызыкчылыктарын «сүрөмөлөгөн» деп айыптаган.

Мындан сырткары, «24.kg» басылмасы «Анилия» ЖЧКсы 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Баткуевди Кыргызстандан алып чыккан учакты тейлегенин жазган. Басылманын маалыматына ылайык, ал убакытта компаниянын негиздөөчүсү Данияр Атаханов болгон — ал экс-вице-премьер Шамиль Атахановдун уулу.

2020-жылы Шамиль Атаханов кримтөбөлдү мыйзамсыз бошотуу иши боюнча «Коррупцияга» күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылган.