«Айдоочу уктап кеткен». Жамалбек Ырсалиев жана Самара Каримова жол кырсыгына кабылды

26-июлда Бишкектин биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова бир унаада бара жатып Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында кырсыкка кабылды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки саат алтыларда Бишкек — Ош жолунда Toyota Alphard унаасын айдап бара жаткан Асан Мансуров уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада төрт адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

«Азыркы учурда жүргүнчүлөрдүн акыбалы жакшы. Учурда ооруканада дарыланып жатышат. Бишкектин биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен айдоочу Асан Мансуров жабыркаган эмес», — деди Сатыбалдиев.

Ал эми Сарам Каримованын күйөөсү Асан Мансуров Super.kg порталына жол кырсыгына кабылганын тастыктап, жубайы экөө жаракат албаганын билдирди.

«Кечээ Оштон Бишкекке бара жатып Токтогулдан жол кырсыгына учурадык. Унааны мен айдап бара жаткам, баары жакшы. Эч кандай жаракат алган жокпуз. Токтогул аймактык ооруканасына кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алып кеткенбиз. Учурда Токтогулдабыз, Бишкекке болгон сапарыбызды улайын деп турабыз», — деди ал.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат.

Жамалбек Ырсалиев ким?

Жамалбек Ырсалиев 1975-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында туулган. Ал 2009-жылы Эл аралык укук, каржы жана бизнес башкаруу академиясынын Юриспруденция адистигин аяктаган. Андан кийин Орусияда Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Жамалбек Ырсалиев борбор калаанын биринчи вице-мэри кызматына 2021-жылдын 16-июнунда дайындалган. Ага чейин ал Бишкек шаарынын вице-мэри, 2015-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакырылышынын депутаты болгон.

Жамалбек Ырсалиев шаардын биринчи вице-мэри катары шаардык турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө жооптуу.

Самара Каримова ким?

Самара Каримова эстрада ырчысы, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Каримова буга чейин эки ирет мамлекеттик кызматка дайындалып, бирок аларда бир күн гана иштеп кызматтан алынган. 2018-жылы Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысынын буйругу менен Ошто музыкалык окуу жайдын директорлук кызматына дайындалган. Бирок бир күндөн кийин министр Азамат Жаманкуловдун буйругу менен кайра кызматтан алынган.

Ырчы кызматка дайындалгандан кийин окуу жайдын жааматына өзүнүн жыйналышын өткөргөнгө жетишип, бул тууралуу «Инстаграм» барагына жазган.

Каримова 2017-жылы дагы «Сулайман-Тоо» музей комлексинин директорлугуна дайындалып, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынынан кийин бир күндөн соң өзү эле кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Колдонуучулар 26 жаштагы кыз музейди жетектей албастыгын айтышкан. Ырчы кызматтан кеткенден кийин «кыргыз коому жаш кадрларды кабыл алууга даяр эместигин» «Азаттыкка» курган маегинде айткан.

Каримова 2011-жылы Ош драма театрынын директору Асан Мансуровго турмушка чыгып, эки жылдан кийин ырдап чыга баштаган.

Самара Каримова — «Инстаграмда» миллион катталуучу топтогон алгачкы кыргызстандык. Буга байланыштуу ал 2018-жылы августта Бишкекте жана Ошто майрамдык кече уюштурган.

Ырчынын 2021-жылдын 5-январда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директор кызматына дайындалышы чуу жараткан. Ал эми 21-январда музыкалык окуу жайынын 50гө жакын кызматкери анын жетекчи болушуна каршы болуп, митингге чыгышкан.

Кийин 22-январда ырчы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартканы тууралуу фейсбук баракчасында билдирген.

«Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам», — деп жазган Каримова.