Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 14 киши каза болду, жаңы 969 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

26-июлда коронавирустун жаңы 969 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 845, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 124. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 611;

Чүй облусунда — 86;

Баткен облусунда — 59;

Жалал-Абад облусунда — 88;

Ысык-Көл облусунда — 59;

Ош шаарында — 6;

Ош облусунда — 22;

Нарын облусунда — 20;

Талас облусунда — 18.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 159 089га жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 616 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 1 107, Чүй облусунда — 179, Ош шаарында — 71, Ош облусунда — 47, Талас облусу — 8, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 82, Баткен облусунда — 77, Нарын облусунда — 17 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 138 316 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 935 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1165 киши оор, 243 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 13 272 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 067 .

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 2 COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 275 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 24 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 19, Жалал-Абад облусунда — 3, Ысык-Көл жана Чүй облустарында — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 378ге жетти, анын ичинен 5 685 медкызматкер илдеттен айыкты.