Кадыралиевдер жана Батыровдор. Коллаж: Айбике Адилет кызы/Kloop

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары Кадыралиевдердин кланынан жабыркаганын айтып, 23-июлда митингге чыгып, 26-июлда маалымат жыйын курушту.

Алардын айтымында, Кадыралиевдер — Улан Кадыралиевдин Алтынбек жана Мухаммед, Санжар Кадыралиевдин Жоомарт аттуу уулдары жана Полот, Данияр, Бактияр деген балдар 18-июлга караган түнү жайлоодо үч кишини «атка сүйрөтүп, балталап, бешилик менен урган». Мындан улам жабыркагандардын биринин баш сөөгү жанчылып «тилден калганын» айтышууда.

Ал эми экс-депутат Ыргал Кадыралиева жаңжалда анын инилери да жабыркаганын айтып, Батыровдорду да камакка алууну талап кылууда.

Окуя кандай болгон?

Илгиз Батыров

Жабырлануучулардын бири Илгиз Батыров «Клоопко» окуянын чоо-жайын айтып берди. Ал ошол күнү «жездеси менен талаада жүргөндө Алтынбек Кадыралиев арпа талаасын аты менен кечип кеткен». Батыров Кадыралиевге эскертүү бергенине карабастан, ал «өзүм билем» деп «камчысы менен башымды жарып койду» дейт.

«Биз “Алтынбек арпаны тебелебей чети менен айдабайсыңбы?!” десек “жол каякта?” деди. “Четте толтура жол турат го” десек, “өзүм билем” деп сүйлөндү. Анан биз алар турган трактор жака басып барсак, келип эле камчысы менен башыма бир уруп жарып койду. Бул күндүзү болгон окуя», — дейт ал.

Ал эми уктаар алдында Данияр аттуу бала келип, «Алтын чакырып жатат, жанагы ишти бүтүрөт экенбиз» деп кабарды жеткирген. Бирок агасы Чыңгыз инисин коё берген эмес. Алар кайра жатып уктап калышкан.


«Кийинчерээк ышкырыктар, ызы-чуу болуп кетти. Чыксам эле бирөө балта кармап туруптур, жүзүн көрө албадым. Ошол урду, өзүмдү жоготуп баратканда дагы бирөөсү урду. Ошону менен ооруканага бараткан жолдо ойгондум. Кийинчерээк соцтармактардан өзүмдүн сүрөттөрүмдү көрүп өзүм шок болуп калдым», — деди Илгиз.


Мындан сырткары Батыров «Кадыралиевдерге кол тийгизген эмеспиз» дейт.

Илгиздин дарыгери Абдурахман Эшиев анда баш сөөгүнөн ачык жаракат жана мээ контузиясы аныкталганын айтты. Абалы учурда «канааттандырарлык» дейт.

Чыңгыз Батыров

Ал эми анын агасы Чыңгыз Батыров журналист Ыдырыс Исаковго аларды Кадыралиевдер урганын башын ийкеп тастыктап берди. Андан башка сөз сүйлөй алган жок.

Анын дарыгери Нурсултан Аманалиев Чыңгыздын ачык түрдө сынып келген баш сөөгүнө операция жасалганын, абалы учурда «туруктуу оор бойдон» экенин айтты.

Ал эми анын тилден калганын мээсинин сүйлөө борборлору жабыркап, мээ клеткалары катуу зака жегени менен түшүндүрдү.

«Эй чоңдор барсыңарбы силер?!»

Жаракат алгандардын жакындары соцтармактарга окуя болгон жерден видеолорду жүктөшкөн. Алардын биринде жабырлануучунун биринин аялы үйүнө кол салуу болгондон кийинки абалды көрсөтүп берген — анда үйдүн ичи жана сырты канга болгонун, короодо балта жана таяктар чачылып жатканын көрүүгө болот.

«Мына биздикинде тополоң кылып, түнү келип уруп, балталары менен чаап кан жалатышты. Жаш балдарыбыз жатат эле, келтектер менен келип алып талкалашты», — деген тасманын автору.

Мындан сырткары жабырлануучулардын оруканага түшкөндөгү видеосу да соцтармактарга жарыяланган. Аны алардын апасы Умсунай Молдобаева тарткан. Эне уулдарын жана күйөө баласын «Кармышак Кадыралиевдин балдары урганын, ат менен сүдүрөткөнүн» айтып, «аларга эч кимдин күчү жетпей жатат» деп арызданган.


«Адамдарды ушундай мыкаачылык менен ура берсе болобу? Бир эле менин баламды эмес, Кочкор-Атанын жаштарынын бардыгын урат. Булар ажыдаар, канкорлор болуп чыкты го эл-журт! Эй чоңдор барсыңарбы силер?! Бул жакта Кармышак Кадыралиевдин балдары элдин баарын кырып жатат. Силерден сураныч эл журт, келип жардам бергиле!» — деген аял.


«Мына баламдын баш сөөктөрүн көтөрүп жүрөм». Митинг жана маалымат жыйын

23.07.21. Сүрөт: Ыдырыс Исаков

23-июлда жаракат алгандардын 20дай жакыны Өзгөн райондук администрациясынын алдына митингге чыккан. Анда алар «жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жабыркагандардан кабар албаганын жана милиция ишти териштирбей жатканын» айтып нааразы болушкан.

Тургундар РИИБдин башчысы Кадыралиевлдердин кланынан «корккону үчүн иш алдыга жылбай жатат» деп божомолдошкон. Митингге жабыркагандардын апасы баласынын талкаланган баш сөөгүн көтөрүп келген.


«Мына баламдын баш сөөктөрүн көтөрүп жүрөм. Муну мен каяка алып барып көмөм?! Кимге арызданам?! Айткылачы?!» — деп ыйлаган ал.


Андан соң тургундар РИИБдин имаратына барып, алар менен милициянын башчысы Заир Төрөгелдиев жолуккан. Митингчилер милиция ишти объективдүү, тыкыр иликтебей жатканын, мындан улам жабыркагандарды сабаган кишилердин баары аныкталбай жатканын айтышкан.

Молдобаева болсо милициянын ооруканага келишин «эки сутка күттүм» деп ачууланган.

«Ооруканага 17синен 18ине өткөн түнү барды. Ошол күнү кечке күттүм, 18, 19у болду. Эч ким келген жок. Анан мен айт намазына миң адамдын алдына баламдын кан кийимдерин жана баш сөөгүн көтөрүп барып кайрылдым [...] Анан ошол күнү саат төрттө Азамат (милиционер-ред.) барды бир бала менен», — деген ал.

РИИБдин башчысы айыптоолорду четке кагып, «тергөөнүн жыйынтыгы менен баары белгилүү болот» деп айткан.

Ал эми 26-июлда Батыровдор «Акипресс Ошто» маалымат жыйын курушту. Анда жабыркагандардын туугандары окуянын чоо-жайын айтышып, ишти УКМК териштирүүсүн талап кылышты.

Жаракат алгандардын бир тууганы Жамила Батырова Кадыралиевдер «айылда басмачы болуп, элди коркутуп алган» дейт.

«Эл коркконунан көтөрүлүп чыга албай отурат. Ыргал депутаттыгынан пайдаланып, “Ыдырыс Исаковду видеону өчүрүп кой” дептир, ушул туурабы?

Ушундай энелерди чыркыратпай келсин бул жака. Ыргал келсе болот эле, биз күттүк аны. Бир жума өттү, бири да басып келген жок. Маскарлагандай кылып телефон чалып коюшат. Биз азыр телефонго жооп беребизби?» — деп суроо салды ал.

Кадыралиевдер эмне дейт?

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева фейсбук баракчасына мушташка катышкан инилеринин биринин ооруканадан тартылган видеосун жүктөдү. Анда тасманын автору «инимди чөп оруп жүргөн жеринен балта менен бутуна чааптыр» деп айткан.

Кадыралиева Батыровдор менен болгон мушташта анын туугандары да жабыркаганын айтып, «милиция экинчи тарапты да камакка алсын» деп талап кылды.


«Унчукпай турсак чындап уруп салыптыр деп ойлобогула [...] Биз үч инимдин майып болуп калбашы үчүн күрөшүп жатабыз. Балта менен чаап, мылтык такап, өлтүрөм деп коркуткан (күбөлөр бар экен). Баштарын тиктирдик. Сүрөттөрдү фейсбукка коёлу десек, өтө чоң жарааттарды кабыл албай жатат. “Милиция мылтык, балта баарын тигил тараптан тапты” деп адвокат айтты. Милиция калыс карасын», — деп жазды ал.


Анткен менен журналист Ыдырыс Исаков Кадыралиевдер жаткан Өзгөн райондук ооруканасына 26-июлда барган. Анда ал Батыровдорду сабоого айыпталып жаткан Алтынбек Улан уулу жана Жоомарт Санжарбек уулун жолуктурган — Исаковдун айтымында, туугандар «куландан соо жүрүшөт». Тасмадан алардын ооруканада ары-бери басып жүргөнүн, Алтынбектин бети-башы соо экенин көрүүгө болот.

Кадыралиевден журналист менен сүйлөшүп окуяны айтып берүүдөн баш тартышкан. Ал эми экс-депутат фейсбукка видеосун жарыялаган буту жаракат алган өспүрүмдү Исаков ооруканада кезиктире алган эмес.

Милициянын жообу

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Базарбек Батыровдун берген арызынын негизинде «Ээнбаштык» беренеси менен 19-июлда сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ошондой эле, милицияга ошол күнү Кадыралиевдер да арыз жазган.

26-октябрда милициядан Батыровдорго дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгын кабарлады. Экспертизанын корутундуларына ылайык Илгиз Базарбек уулу жана Чынгыз Батыров «денелеринен оор жаракат» алышкан. Ал эми үй-бүлөнүн күйөө баласы «ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракатын алганы» аныкталган.

Ал эми «Ээнбаштык» беренеси «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренесине квалификацияланган.

Мындан сырткары, Өзгөн райондук соту Кадыралиевдердин бөгөт чарасын карап, аларды камакка алуу чечимин чыгарган. Милиция аларды ооруканада кайтарууда. Учурда аларга дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Кадыралиевдер жана аларга байланыштуу чуулуу окуялар

Бир тууган Кадыралиевдер. Коллаж: Айбике Адилет кызы/Kloop

Кадыралиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн аттары көп чуулу окуяларда аталган.

Санжар Кадыралиев — Жогорку Кеңештин үчүнчү жана төртүнчү чакырылышында «Ак-Жол» партиясынын депутаты болгон. 2009-жылы ал өз үйүнүн подъездинде атып өлтүрүлгөн. Маркумдун туугандары иниси «саясий кызыкчылыктан улам өлтүрүлгөн» деп айтып келишет.

Анын карындашы Ыргал Кадыралиева 2011-жылы парламенттин бешинчи чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон. Ал үстүбүздөгү жылдын апрелинде Бишкек шаардык кеңешине «Ак-Бата» партиясы менен барууну каалаган. Бирок үгүт эрежесин бузгандыктан Бишкек АШКсы аны партиянын тизмесинен чыгарган.

Ал эми анын дагы бир тууганы Канжар Кадыралиев 2007-жылы милициянын төрт кызматкерин сабоого айыпталган.

2014-жылы болсо ал Ош шаардык прокуратурасында иштеп жатканда анын үстүнөн ишкерлер даттанган, алар «Кадыралиев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып алардын мүлктөрүн жана бизнестерин карактап алганын» айтышкан. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыралиев кызматынан алынган.

Канжар Кадыралиев өзү мындай айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган. Ал муну бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеваны жаман көрсөтүү үчүн жасалган аракет деп айтып жүрөт.

2019-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту Кадыралиевди «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу ал жаза өтөөдөн бошотулуп, сот аны компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

2015-жылы Кадыралиевдердин дагы бир бир тууганы Суйсал Кадыралиева ызы-чуунун астында калган — «Азаттыктын» «Саясатташкан сауналар» аттуу атайын көрсөтүүсүндө ал мамлекеттик кызматкер болгонуна карабай интимдик кызмат көрсөтүүчү саунанын администратору экени айтылган.