Нарын облусунун жайлоосунда балдар интернет "кармоого" аракет кылып жатышат. Найзабек Мукамбетов/Kloop/ 

Жайыттар — Сулайман-Тоо же Ысык-Көл сыяктуу эле Кыргызстандын белгилүү символдору. Өлкөдө тогуз миллион гектарга чукул жайыт бар — бул Бишкектин аянтынан 500 эсе чоң.

Бирок малдын башы көбөйүп, ыксыз жайылгандыктан жайыттар бузулууда — жер арыктап, чөп өспөй такырга айланып жатат.