2021-жылдын апрелинде Гүлнура өз айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Эржан Бейшеналиев / Kloop

28-июлда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алып, гендердик квотаны өзгөрттү — мурда парламент депутаттарынын 30%дан кем эмеси аялдар болушу керек болчу, азыр бул квота 25%га чейин төмөндөтүлдү. Бул мыйзамды президент жактырса күчүнө кирет.

Узак убакыт бою парламентте аялдар сейрек кездешип, костюмчан эркектердин артында көрүнбөй деле калышчу. Аялдарга мыйзам чыгаруу ишин таптакыр эле ишенип бербей калган учурлар болгон — 2005-жылдан 2007-жылга чейин парламентте бир да аял болгон эмес.

Жергиликтүү кеңештердеги абал дагы көңүл жылытаарлык эмес эле — мындан беш эле жыл мурда аялдар жергиликтүү кеңештердеги орундардын 10%ын гана ээлешчү. 2019 -жылы кабыл алынган 30%дык гендердик квота аларга ишенимдүү болуп, эркектер көрүп түшүнө албаган маанилүү маселелерди көтөрүп, айтып турууга жол ачты.

Андай болгону менен жергиликтүү кеңештердеги аялдар дагы деле эркектердин аларды депутат катары көрбөгөн мамилесине кабылышууда.

Биз 2021-жылдын апрель айында болгон шайлоодо Ош облусунун Араван районунан жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган үч аялдын окуясын чогулттук. Бизге алар өз жолундагы тоскоолдуктар, шыктануулары жана келечекке койгон пландары тууралуу айтып беришти.

«Аялдын колунан келбеген эч нерсе жок»

Замира Байбубаева, 43 жашта, Чек-Абад айылынын жергиликтүү кеңеши

Замира. Сүрөт: Айзирек Иманалиева / Kloop

Замиранын күнү үйдөгүлөргө салыштырмалуу эрте башталат — таңкы беште үй жумуштарын жасап, көйнөгү менен бешмантын кийип жумушка даярданат. Замира сегиз жылдан бери жергиликтүү кесиптик лицейдин директорунун орун басары болуп иштейт жана жаштардын көйгөйлөрүн жакшы билет.

2021-жылдын апрелиндеги шайлоонун алдында ага депутат болуу сунушу көп түшө баштаган — бул тууралуу студенттери, кошуналары жана айылдаштары айтышкан. Бирок үй-бүлөсү бул идеяны туура көрбөйт деген коркунуч бар эле. Себеби ал улгайган кайненесин карап, 1,6 гектар жерди иштетчү — бул жумуштун баарын жасап үлгүрүш керек.

«Ансыз да эл үчүн көп нерсе жасап жатасың. Айыл үчүн дагы көп нерсе жасаш үчүн талапкерлигиңди кой», — деп жооп берген жолдошу анын идеясына.

Замиранын айтымында, айылда гендердик квотага байланыштуу стереотиптер көп болгон — бул эркектер терс мамиле кылып, башкаларды аялдарга добуш бербөөгө үндөгөн биринчи эле чакырылыш эмес.

«Эл квотаны ар кандай түшүнгөн — аялдар аялдарга гана добуш берип, депутат болот деп ойлошчу. Алар “аялдар ансыз да өтөт" деп эркектер үчүн гана добуш берүүгө үгүттөштү. “Аялдар эмнени чече алмак эле? Алар эмне кыла алышат?” деп да айтышкан», — дейт ал.

Анткен менен Замира мындай терс сөздөр духун түшүрө албасына көзү жеткен. Айылда аны жаштар колдочу — Замира айылга эл аралык инвестиция тартып келип, Араван районунда жалгыз жаштар борборун ачкан.

Июнь айынан тарта толугу менен жаңы жабдылган имаратта мектеп окуучулары орус жана англис тилдерин бекер үйрөнүп, республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат. Жакын арада окуучулар компьютердик көндүмдөрдү дагы үйрөнө башташат.


«Айылдын көйгөйүн Жогорку Кеңеш эч качан чечпейт — көйгөйдү жергиликтүү тургун гана көрөт, сезет жана чече алат»


Буга чейин, 2018-жылы, Замира эл аралык донорлордун жардамы менен өз районунда басмакана ачкан. Ал жерде мектеп окуучулары жана студенттер рефераттарын басып чыгарып, презентация жана чакыруу кагаздарын жасап жатышат. Бул чакыруу кагаздарынын дизайнын жасаганды билген жаштар үчүн кошумча акча табууга мүмкүнчүлүк түзгөн — жергиликтүү тургундар той жана башка майрамдарга чакыруу кагазын жасатуу үчүн буйрутма беришет.

Замиранын айтымында, депутат болгонго чейин ал мурдагы чакырылыштын сессияларына катышып, өз сунуштарын айтып жүрчү — идеялары кеңеште кабыл алынчу эмес.

«Ааламга барчу жол айылдан башталат деп бекеринен айтышпаса керек. Айылдын көйгөйүн Жогорку Кеңеш эч качан чечпейт — көйгөйдү жергиликтүү тургун гана көрүп, сезет жана чече алат. Жада калса, айылыбызда деле, эркектер көрбөгөн социалдык маселелерди аялдар бүт жан дүйнөсү менен сезип, көрүп турат», — дейт ал.

Учурда Замира жергиликтүү кеңеште үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын ремонтун көзөмөлдөө боюнча комиссияны жетектейт.

Келечекте Замира айылга донорлордон көбүрөөк инвестиция тартып, табигый илимдер боюнча балдарды окутуу үчүн дагы бир борбор курууну жана аялдарга социалдык машыгуучу жай ачууну пландап жатат.

«Кыялыңызга барчу жолдон эч качан тайбаңыз. Аял дагы айткан сөзүнө тураарын далилдеңиз. Аял — өнүгүүнүн кыймылдаткычы. Билимиңиздин жана жөндөмүңүздүн деңгээлинен коркпостон, максаттарыңызга умтулуңуз».

«Мектепти бүткөндө кыздарды күйөөгө берип, балдарды университетке жөнөтүшчү».

Муслима Сабирова, 34 жашта. Алля-Анаров айылынын жергиликтүү кеңеши

Муслима. Сүрөт: Айзирек Иманалиева / Kloop

Муслима Алла-Анаров айыл аймагындагы жолдун жээгиндеги кичинекей имаратта иштейт. Анын жанында брошюра, китеп, дептер жана тамак-аштын сүрөтү түшүрүлгөн плакаттар бар. Сабирова бир нече жылдан бери тең салмактуу тамактануу боюнча тренинг өтүп келет — ал аялдардын аз кандуулугу жана балдардын начар тамактануусу менен күрөшөт. Кыргызстанда 900 миңге жакын бала жакыр үй-бүлөдө жана тамак-аш жетишсиз шартта жашайт. Бул көйгөй көбүнчө түштүк аймактагы айылдарда кездешет.

Муслима семинар өтүп жүрүп 200 тренерди даярдаган — өз кезегинде алар башкаларга тең салмактуу тамактануу жөнүндө айтып беришет. Анын айтымында, мунун баарына жетүү ага оңойго турган эмес — ал Орусияда эмгек мигранты болуп, ажырашуунун азабын тарткан.

«Никеге турбай төрөп, үй-бүлөсүнөн кетүүгө аргасыз болгон аялдарга жардам бергим келет. Алар дагы мамлекеттен жардам алууга, же жок дегенде балдарына атасынын атын берүүгө укугу бар да, андай балдар болсо көп, — деп түшүндүрөт ал. — Араванда эле эмес, бүткүл өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук бар экенин көрүп жатабыз».

Ошол себептен Муслима депутат болууну чечкен, бирок Орусияда иштеп, көпкө жок болгону үчүн айылдаштары кабыл албай коёбу деп кооптонгон. Бирок аны 40 жылдан бери айыл өкмөтүндө төрайым кызматын аркалап келе жаткан апасы колдоого алган, ал ар дайым кызына үлгү болгон.


Ал тургай сессияларда деле 21 депутаттын ичинен сегиз аял мыйзамды жакшы билген.


Анткен менен айылдагы жаш талапкерлер менен талапкер кыз-келиндер геронтократияга кабылышкан — башкача айтканда, мурдагы депутаттар менен жашы жетип калган эркектер Муслиманын жана анын кесиптештеринин жеңишине нааразы болушкан.

«Кечки 8де жыйынтык чыкканда куттуктабай эле кетип калышты. Жаман болуп калдым. Мен алар: “Биз жаштарга орун бошотуп берүүгө даярбыз. Куттуктайбыз! Силерге жардам берүүгө даярбыз” деп айтат деп ойлогом. Биз менен дагы бир жергиликтүү жаш активист бала бар эле, аны да куттукташкан жок», — деп эскерди ал.

Муслима бала кезинен эле стереотип көрүп чоңойгон — ал мектепте классташ кыздары өзү сыяктуу эле жакшы окуганын, ал эми балдар сабактарды калтырышканын айтат. Бирок мектепти аяктагандан кийин Муслиманын 20 классташынын арасынан эки кызды кошпогондо, университетке окууга көбүнчө балдар жөнөтүлгөн.

«Күйөөң сага иштөөгө уруксат береби-жокпу билбейбиз. Сага мунун эмне кереги бар?» — деп Муслиманын жакындары аны күйөөгө берип коюшкан.

Сабирова билимдин жоктугу жакшы депутат болууга тоскоол болбойт деп эсептейт. Анын пикиринде, ал үчүн айылды жакшы жакка өзгөртүүгө күйүп-бышып, чынчыл болуш керек.

«Аялдар иштеген жерде коррупция аз болот жана иш адилеттүү жүрөт. Ал тургай сессияларда деле 21 депутаттын ичинен сегиз аял мыйзамды жакшы билген. Аял депутаттар [маселени терең изилдебей туруп]: “Болду, маселе чечилди, андан ары жөнөдүк!” деп айткан учурлар боло элек. Аялдардын колунан баары келет – үй иштерине да жетишип, жумушта да иштей алышат».

«Аялдарыбызды ар тараптан өнүктүрүү керек»

Гүлнура Абдираимова, 40 жашта. Мангыт айылынын жергиликтүү кеңеши

Гүлнура. Сүрөт: Айзирек Иманалиева / Kloop

Гүлнура он беш жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет — алгач катардагы кыргыз тилинин мугалими болуп баштап, кийин окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп жүргөндө мектептен кеткен. Мындан бир нече жыл мурда Абдираимова досу менен бирге айылына инвестиция тарткан, ага чейин айылда бардыгына жетишсиз болгон бир гана бала бакча бар болчу.

Жаңы бала бакча нөлдөн баштап мурдагы кароосуз калган имаратта ачылган — алгач жеке менчик болсо, кийин мамлекетке өткөрүлүп берилген.

«Башында балдарды үч саат карасак, азыр бала бакча эртең мененки сегизден кечки бешке чейин иштейт. Ал жерде беш жыл иштедим, ал жерде бүгүнкү күнгө чейин айылдын балдары тарбияланып жатат. Балдар бактылуу, ата-энелери ыраазы», — дейт Гүлнура.

Ал мектепте иштеп жүргөндөн бери волейболго кызыгып, өз командасын чогултуп, коңшу айылдын мугалимдери менен башка айылдык аялдардын ортосунда мелдештерди уюштурчу. Ал кошуналары менен тааныштарын спорт менен көбүрөөк машыгууга шыктандырат. Гүлнура спорт аркылуу аялдар жакшы формада гана калбастан, өз ара көбүрөөк баарлашышат деп эсептейт.

Анын демилгелери жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңишке жетүүсүгө өбөлгө болгон.


Аял бар жер кооз жана таза. Биз аялдардын көйгөйлөрүн көтөрөбүз, анткени ички түйшөлүүбүздү өзүбүз гана түшүнө алабыз.


Келечекте Гүлнура айылдаштары үчүн эски имараттарды оңдоп, бала бакчаларды жана башка маанилүү мекемелерди ачуу үчүн эл аралык донорлордон көбүрөөк инвестиция тартууну пландап жатат. Абдираимова түштүктө кеңири жайылган эрте турмуш куруу жана дүркүрөгөн той өткөрүү жөрөлгөлөрү менен да күрөшкүсү келет.

Гүлнуранын айтымында, кыздарды билимсиз жана башка жөндөмдөрсүз күйөөгө узатышат, ал эми айыл тургундары той жана тажияларга ченемсиз чыгым болуп жабыркашат.

«Аял бар жер кооз жана таза. Биз аялдардын көйгөйлөрүн көтөрөбүз, анткени ички түйшөлүүбүздү өзүбүз гана түшүнө алабыз. Биздин аялдарды ар тараптан өнүктүрүү керек — үй чарбасынан бошобой отурган аялдар да бар. Аларды демилгечил болууга шыктандырышыбыз керек».