Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 897 учуру катталды, 9 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

2-августта коронавирустун жаңы 897 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаарында — 619;
  • Чүй облусунда — 66;
  • Баткен облусунда — 55;
  • Жалал-Абад облусунда — 66;
  • Ысык-Көл облусунда — 54;
  • Ош шаарында — 9;
  • Ош облусунда — 6;
  • Нарын облусунда — 14;
  • Талас облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 164 743кө жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 1 316 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 140 039 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 3 779 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 9 913.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — беш, Чүй облусунда — үч, Ош облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 344 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 502ге жетти, анын ичинен 5 894 медкызматкер илдеттен айыкты.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 457 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 116 миңден ашуун.