Республикалык ыкчам штабдын 3-августка карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 797 жаңы учуру катталып, 10 адам каза болду.
Оору жуктургандар аймактар боюнча:
- Бишкек - 445
- Ош шаары - 3
- Чүй облусу – 123
- Ош облусу – 13
- Талас облусу - 20
- Нарын облусу - 16
- Ысык-Көл облусу – 51
- Жалал-Абад облусу – 70
- Баткен облусу - 56
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 165 540га жетти.
Бүгүнкү күндө 3 493 бейтап ооруканаларда, ал эми 9 174 киши үй шартында дарыланууда.
Ошондой эле өткөн суткада 1 794 адам ооруканадан айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 149 171 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 354 киши коронавирустан каза болду.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.