УКМК: ЖАМКтын башчысынын биринчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарын (ЖАМК) «коррупцияга» шектеп кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 3-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу, алардын шарттарын жумшартуу жана мекеменин ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-августта "Н.Т.М." иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан 3, 5 миң АКШ доллары, 59 000 сом акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда «ТТ» тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле абактагылар жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол жана отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылган.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн Н.Т.М. деген инициалдар менен берген. Бул инициалдар ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевге дал келет.

Шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.