«Тукумсуз болгон». 15 жашар кызды зордуктоого шектелген 64 жаштагы кишинин туугандары үн катты

Ош облусунун Араван районунда 15 жашар кызды зордуктоого шектелген 64 жаштагы Арзимат Алимовдун жакындары 4-августта маалымат жыйын куруп, шектүүнүн «эркектик күчү жок» жана «тукумсуздуктан» жабыркайт, ал тергөө абагында далили жок отурат деп айтып чыгышты.

Шектүүнүн аялы Мухабатхан Алимованын айтымында, анын күйөөсү кант диабетинен жабыркайт, ага карабай ал жети айдан бери тергөө абагында кармалууда. Ал жерде шектүү коронавирус менен да ооруп, ооруканада дарыланып чыккандан кийин кайра тергөө абагына кайтарылган.

Ошондой эле, Арзиматовдун жубайы жана баласы Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ишти калыс карабай жатат деп нааразы болушту.

Эмне болгон окуя?

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айылынын тургуну эгин талаада 15 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган. Өспүрүмдүн зордукталып, төрт айлык кош бойлуу болуп калганы апасы ноябрь айында ооруканага алып барганда билинген.

Милиция 2020-жылдын 3-декабрында шектүү Арзиматовго карата «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

*Буга чейин укук коргоо органдары «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарланшкан. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен жабырлануучунун «кыздык белгиси» бузулбастан кош бойлуу болуп калганы аныкталган. Мындан улам милиция беренени алмаштырган.

Өспүрүм үстүбүздөгү жылдын 15-майында көз жарган. Ал эми Ош ОИИБден иш сотко өткөрүлгөнүн билдиришкен.

Шектүүнүн аялы: жабырлануучуну беш бала зордуктап жүргөн

Шектүүнүн жактоочусу Диярбек Курбанов Алимов Араван районунда, Ош жана Жалал-Абад облустарында медициналык экспертизадан өтүп, анын «эркектик күчү жок» экени жана «тукумсуздук» менен ооруй турганы аныкталганын билдирди.

Ал эми Алимовдун аялы маалымат жыйында тергөөгө жабырлануучу кызды беш бала «зордуктап жүргөнүн», бул тууралуу айтып бергенден кийин ИИМдин региондор аралык башкармалыгынын Жылдыз аттуу кызматкери аталган беш баланы кармап кеткенин билдирди.

«Үч жолу сурак алып коё бериптир. 2 миң доллардан акчасын алыптыр ал балдардан. Ош ШИИБнин тергөөчүсү кылганбы, ким кылганын билбеймин. Аны Муса Хантөрөев (суракка алынгандардын бири — редакция) деген “колуңан эмне келет, менин 2 миң доллар акчамды алып, коё берди, мен Орусияга кетип жатам, колуңан эмне келди” деп мага айтты», — деди Алимовдун аялы.

Ошондой эле ал кызды зордуктагандардын арасында Мурат аттуу киши болгонун да кошумчалады. Мындан сырткары, шектүүнүн аялы жабырлануучу кыз жана анын атасы жалган көрсөтмө беришкен деп эсептейт.

ДНК-тестке макул болбой жатышат

Мухабатхан Алимова ишти тергеген Мелис Айбатиев ДНК-тесттен, башкача айтканда, аталыкты аныктоочу тесттен баш тартып жатканын белгиледи.

«Биз “ДНКга уруксат бериңиз” десек, тергөөчү [Мелис Айбатиев] баш тартты [...] Кийинчерээк ал ТИЗОго биздин жактоочубуз жок эле кирип, күйөөмдү чакырып “наристе менен сенден ДНК аламын, каныңды бер” дептир. Дарыгер менен кириптир. Мен буга чейин күйөөмө айткан элем “адвокат аркылуу иш кылыңыз, бербеңиз, эсиңизде болсун” деп айтып койдум эле. Анан күйөөм ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, баш тарткан. “Сен тергөөнү туура эмес жүргүзүп, мени эки айга каматып, дагы деле камактан чыга элекмин. Баарын сен кылдың, мен сага жазбаймын” деп баш тартып, чыгарып салыптыр», — деди Алимовдун аялы.

Шектүүнүн аялы тергөөчү алгач ДНК-тесттен баш тартып, кийинчерээк анын күйөөсүнөн кан алууга барганы күмөн жаратканын билдирди. Ошондой эле Алимова жабырлануучу кыз окуяны дароо айтып бербей, төрт ай өткөндөн кийин милицияга кайрылганы да шек жаратат дейт.

«Алар [жабырлануучу тарап] биз менен кадимкидей соодалашты. “500 миң акча бересиң, бир жер участогун алып бересиң, анан арызды кайра аламын” деди. Мен ал акчаны кайдан алам?» — деди ал.

Ал эми шектүүнүн баласы Достонбек Алимов тергөөчү Айбатиев айылдын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, атасынын медициналык картасын сурап жатканын билдирди. Ал эми шектүүнүн аялы тергөөчү Арзимат Алимовдун канынын тобун аныктап, наристенин каны менен салыштырууну көздөгөн деп божомолдоду.

Шектүү кыйноолорго кабылган

Арзимат Алимов күнөөнү мойнуна алган жок дейт жубайы. Анын айтымында, Алимов биринчи жолу Араван РИИБине суракка келгенде кыйноолорго кабылган.

«Опер балдар башына баштык кийгизип, ур-токмоктогон. [Жазган түшүнүк катын] карасаңар кыйшайтып жазган, өзү жазган эмес [...] Аны коркутуп жаздырышкан, адвокатсыз», — деди Алимовдун аялы.

Ал эми шектүүнүн уулу Достонбек Алимов күч органдары атасын бөйрөктөрүн келтек менен чапкылап сабаганын да кошумчалады. Алимовдор соттук отурумда шектүүнү токмоктогон милиция кызматкерлерин аты-жөнүн ачыктоого даяр экенин билдиришти.

Мындан сырткары, Достонбек Алимов иш сотко өтө электигин, 11-августта биринчи сот отуруму боло турганын айтты.

Милиция эмне дейт?

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева басма сөз жыйында айтылган маалыматтар «далилсиз» жана «чындыкка дал келбегенин» билдирди.

Абдуллаеванын айтымында, шектүүнүн бул кылмышка тиешеси бар экени анын өзүнүн, жабырлануучу жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, ошондой эле соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалардын жыйынтыктардын негизинде далилденген.

Басма сөз катчы шектүү Алимов менен жабырлануучу кызды беттештирүү учурунда эки тарап окуя кандай болгонун айтып беришкенин маалымдады. Бирок шектүүнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн тергөөнүн сырына байланыштуу ачыктоого мүмкүн болгон жок. Ошондой эле ал Алимов кыйноолорго кабылганын четке какты.

Мындан сырткары Абдуллаева Кыргызстанда аталыкты аныктоочу ДНК-тест жаш балдар 1,5 жашка чыкканда гана жасалат деп билдирди.

«Мисалы Казакстанда [наристе] 6 айдан [толгондон] баштап ДНК-тест башталат экен, бирок жабырлануучу үй-бүлөнүн буга каражаттары жок», — деп түшүндүрдү ал.