Араванда 15 жашар кыз көз жарды, аны 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталды

Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарды. Тергөөдө аны 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталып, иш сотко өттү.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев зордуктоо өткөн жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгонун билдирди. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу экени аны апасы ноябрь айында ооруканага алып барганда билинген.

«М.Аны ошол эле айылдын 63 жаштагы тургуну жаш өспүрүм экенин билип туруп, алсыз абалынан пайдаланып, А.А күч колдонуп зордуктаган. “Бул жөнүндө корккондуктан жабырлануучу эч кимге айткан эмес», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

«Турмуш» басылмасы өз булактарына таянып, «өспүрүм пахта талаасына суу койгону барып, эгиндин арасында заара ушатканы кирген учурда зордукталган» деп маалымдады.

Басылма жазгандай, аны күзөтүп турган 63 жаштагы кошунасы артынан барып, каршылык көрсөткөнүнө карабай күч колдонуп зордуктаган. Андан соң кызды «бул жөнүндө бирөөгө айта турган болсоң атаңдын бетин жер каратасың, өзүндүн абийириң төгүлөт» деп коркуткан.

Сексуалдык зомбулукка кабылган кыз үстүбүздөгү жылдын 15-майында кыз 2 килограмм салмактагы уул төрөгөн.

Аталган факты боюнча 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалып, 22-июнга чейин камалган.

Аталган кылмыш Жазык кодексинин «Жашы жете электи зордуктоо» беренеси менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык зомбулук

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарган. Анда аны зордуктоого шектелип аталган райондун 17 жаштагы тургуну кармалган.

Ушул эле облуста жыл башында 16 жаштагы кыз көз жарган — аны зордуктаган 30 жаштагы бөлөсү бир жылга шарттуу кесилген. Кыз ата энеси миграцияда болуп айыпталуучу жана анын аялынын колунда жүргөн. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алып, кызга жыныстык катнашка баруу үчүн 3 миң сом бергенин айткан.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши жасалган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.