Бердымухамедов менен Жапаров эмне жөнүндө сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультациялык кеңешинин жолугушуусу өтүп жаткан Түркмөнстанга барды. Өлкө башчысы түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. 

Гурбангулы Бердымухамедов жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Эки президент мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын бир катар маселелерин карашты.

Жолугушууда эмне болду?

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан Жапаров менен Бердымухамедов соода -экономикалык байланыштар, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо маселелерин талкуулашканын билдирди.

Мындан тышкары, президенттер Жапаровдун буга чейинки Түркмөнстанга болгон расмий сапарында жетишилген макулдашуулар кандай ишке ашырылып жатканын талкуулашты.

Бердымухамедов «Консультативдик кеңеш Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы гана эмес, региондук деңгээлдеги башка бир тууган өлкөлөр — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жакшы түрткү берет деген ишенимин» билдирди.

Жапаров кыргыз тараптын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даярдыгын ырастады.

«Энергетика, соода, транспорт, транзит сыяктуу олуттуу маселелер, ошондой эле заманбап коркунучтарга каршы туруу жамааттык пикир алышууну жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөнү талап кылат», — деди Жапаров.

Буга чейинки жолугушууда кандай келишимдер жетишилген?

Президент Садыр Жапаров буга чейин Түркмөнстанга 27-28-июнда расмий сапар менен барган. Бул Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон алгачкы сапары болгон.

Ал жактан президент кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш салтанатына катышкан.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен мамлекет башчылары көптөгөн макулдашууларга жетишип, аларды соода-эномикалык, билим берүү, маданият, спорт тармактарындагы жана тышкы саясий мекемелердин кызматташтыгына багытталган документтерге кол коюу менен бекемдешкен.

Эки өлкө төмөнкүлөрдү макулдашкан:

  • биргелешкен бизнес-долбоорлорун колдоо үчүн уставдык капиталы 100 млн долларды түзгөн Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү;
  • күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын импорттоо;
  • Бишкекте кыргыз-түркмөн соода үйүн куруу;
  • Ысык-Көл облусунда саламаттыкты чыңдоо комплекси бар беш жылдыздуу мейманкана куруу;
  • эки өлкөнүн айрым ЖОЖдорунун ортосунда кызматташуу.