Президент 27-29-июнда расмий сапары менен Түркмөнстан жана Тажикстанга барат

Президент Садыр Жапаров 27-29-июнда расмий сапар менен Түркмөнстан жана Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

27-28-июнда Жапаров Түркмөнстанда болот. Ал жактан президент түркмөн кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедов менен «тар жана кең форматта» эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

«Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Андан ары Жапаров Тажикстанга жөнөйт. Сапардын алкагында кыргыз президенти тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

«Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат», — деп билдиришти президенттин басма сөз кызматынан.

Бул Садыр Жапаровдун президент катары Таджикистанга болгон биринчи иш сапары. 30-апрелде эки президент телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы аскерий жаңжалды талкуулашкан. Анда мамлекет башчылар майдын экинчи жарымында, Дүйшөмбүдө жолугушууга макулдашканы кабарланган.

Таджикистандын президентинин сайтында жарыяланган билдирүүдө, Жапаровду Дүйшөмбүгө расмий иш сапар менен «ыңгайлуу убакта» келип кетүүгө Рахмон чакырганы көрсөтүлгөн.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы куралдуу жаңжал

Тактала элек чек ара тилкеси чек арага жакын жайгашкан конуштарында — жер, суу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелеринде көптөгөн чыр-чатактардын чыгышына себепкер болот. Акыркы жаңжал 28-апрелде башталып, 1-майга чейин созулган.

Ал күнү өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 154 адам жабыркаган. Таджкистандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.

Тема боюнча:

Сания Токтогазиева Тажикстандын агрессиясына карата Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылды

Тажикстанды сотко берген Токтогазиева: Президенттик аппарат унчукпай эле койсо жакшы болмок