COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 681 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков

7-августта коронавирустун жаңы 681 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 327;

Чүй облусунда — 104;

Баткен облусунда — 46;

Жалал-Абад облусунда — 82;

Ысык-Көл облусунда — 65;

Ош шаарында — 8;

Ош облусунда — 18;

Нарын облусунда — 11;

Талас облусунда — 20.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 168 415ке жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 1 513 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 155 447 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 3 033 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 6 168.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирусту жуктурган он бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 389 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 7-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 528 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 156 миңден ашуун.