Аймактар аралык кастыкты козутуу. Журналист Асланбек Сартбаевге сотко чейинки өндүрүш ачылды

6-августта «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал аймактар ​​аралык кастыкты козутууга шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК сөз фейсбуктагы пост тууралуу экенин тактады. Сартбаев соцтүйүнгө жаңы дайындалган Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов тууралуу терс пикирин билдирген.

Мындан улам Фейсбук колдонуучуларынын арасында кескин нааразычылык күч алган. Постко коомдук ишмер Ассоль Молдокматова да пикирин билдирип, журналистти трайбализм үчүн жазалоону талап кылган.

«Ыплас сөздөрүңүздү токтотуңуз! Элди түндүк, түштүк деп бөлбөңүз. Биз андайга жол бербейбиз. Элди кагыштыруунун айласын издеп жатасызбы? Өлкөнүн ар бир жараны, кайсы аймактан экенине карабастан, компетенттүүлүгүнө жараша кызматка барса болот. Мен жаңы мэр менен тааныш эмесмин, бирок мындай кемсинткен сөздөрдү окуп, жийиркенип жатам. Кимдин кайдан, кайсы шаардан же аймактан экенинин кандай айырмасы бар? » — деп жазган Ассоль Молдокматова.

Көп өтпөй Сартбаевдин посту өчүрүлгөн. Журналист өзү же адвокаты азырынча сотко чейинки өндүрүштүн башталганы тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, улуттук, расалык ажырымды козутуу үчүн беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Сартбаев деген ким?

Асланбек Сартбаев — кыргыз тилиндеги оппозициялык «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору.

Ал бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы катары белгилүү. Фейсбук барагында экс-бажычы тууралуу постторду байма-бай жарыялап келет.

«Азия Ньюс» жана соттук териштирүүлөр

Сартбаевдин басылмасы бир катар соттук териштирүүлөргө аралашкан — саясатчылар менен чиновниктер алардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдарды жарыялганы үчүн гезитти айыпташкан.

2018-жылы Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков «Азия Ньюс» гезитинен 2 млн сом өндүрүп алган.

«Биз материалыбызда Келдибеков өз кишисин ИИМдин жогорку кызматтарынын бирине сүрөмөлөп жатканын жазганбыз. Ошондой эле, ал тар чөйрөдө өзүнүн талапкерин ИИМдин башчысы кылуу ниетин билдиргенин жазганбыз», — деп түшүндүргөн Сартбаев ал кезде.

Ошондой эле гезиттин жетекчилиги соттун чечимине макул эместигин билдирген.

2020-жылы экс-вице-премьер Жеңиш Разаков дагы «Азия Ньюс» гезитин сотко берген. Жыйынтыгында райондук сот гезитти Разаковго 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Гезит аны Тажикстандын атайын кызматы менен байланышы бар деп айыптаган болчу. Разаков болсо бул маалыматты чындыкка дал келбейт деп атаган.

Анда УКМК териштирүү иштерин жүргүзүп, Сартбаев атайын кызматка суракка чакырылган. Бирок комитет гезиттеги айыптоолорго далил тапкан эмес.

Ал эми 2020 -жылдын февралында сот «Азия Ньюс» гезитин ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Жунушалиев «Азия Ньюс» гезитине 2019-жылдын 25-апрелинде жана 16-майында жарыяланган макалалары боюнча сотко берген.

Гезиттин апрель айындагы санында министрдин башы келемиштин денесине жабыштырылып коллаж басылып, баш темасы «Кашкар келемишпи?» деп аталган. Ал эми 16-майдагы санында «Генерал Абдыкаровдун кадрларын колдогон Жунушалиев отставкага кетсин!» — деген темада макала жарыяланган. Макалада ИИМдин кадр саясаты сынга алынган. Министр гезиттен 5 миллион сом талап кылган.

Ошондой эле сүрөт Бишкек шаардык ИИББдин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев тууралуу жарыяланып, анда Матмусаев чиновниктер менен ишкерлерди көзөмөлдөйбү деп суроо салган. 2019-жылы аткаминер «Азия Ньюсту» сотко берип, 15 миң сом өндүргөн.