Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 8 киши каза болду, жаңы 483 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

9-августта коронавирустун жаңы 483 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 281;

Чүй облусунда — 31;

Баткен облусунда — 9;

Жалал-Абад облусунда — 57;

Ысык-Көл облусунда — 71;

Ош шаарында — 4;

Ош облусунда — 4;

Нарын облусунда — 19;

Талас облусунда — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 169 500гө жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 1 360 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 158 285 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 2 850 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 4 564.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 8 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 407 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 5 777 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 9-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 539 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 172 миңден ашуун.