Айзаданын өлүмү. Адвокат Токтакунов милицияны жасалма документ жасоого айыптады

Уурдалып, андан соң киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов борбор калаа милициясы менен прокуратура кызматкерлерин кызматтык жасалмалоого айыптады. Анын айтымында, укук коргоо орган кызматкерлери Канатбекованы издөө учурундагы өз иш-аракеттерине байланышкан документтердеги маалыматтарды бурмалашкан.

Адвокат эмне дейт?

Токтакунов Бишкек ШИИББдин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевди* жалган маалымат таратууга айыптады.

*Токтакунов Матмусаевди ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун кеңешчиси деп атайт. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып ЖМКлар да жазып чыккан, бирок ИИМ Матмусаевдин кеңешчилик кызматка дайындалганы тууралуу кабарлаган эмес. Ведомствонун басма сөз кызматы «Клоопко» маалыматты тактап берүүнү убада кылган. Бирок материал жарык көрө алдында редакция ИИМге байланыша алган жок.

Бакыт Матмусаев

Бакыт Матмусаев

Анын айтымында, милиция кызматкерлери «Фаиза» кафесинен Канатбекова уурдалган учурду жана салып кеткен унаанын номерин тартып калган видео колуна тийгенден кийин «адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралганына карабай толук кандуу издөө иштерин баштаган эмес».

«Ал тургай ИИБдин өздүк курамына багыттама берилген эмес. Бул милиция тутумунда аялзатын мажбурлап никеге туруу үчүн уурдап качуу олуттуу маселе катары каралбагандыктан, мындайда милиция кызматкерлерин багыттама берип тынчын алуунун зарылчылыгы жок деп эсептелгендиктен болду», — деп жазган Токтакунов.

Анын айтымында, ошол кезде борбор калаанын милициясын башкарып турган Матмусаев маалымат жыйында* толук кандуу издөө иштери башталып, 200 кызматкер тартылды деп эл алдында калп айткан.

*Айзада Канатбекованын сөөгү уурдалгандан эки күндөн өткөндөн кийин табылганда ШИИББдин башчылары маалымат жыйын курушкан. Анда алар Канатбекованы издөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берип, издөө иштери жай жүргөнү үчүн актанууга аракет кылышкан.

«Аны менен катар, анын калпы жасалмалоо жана бурмалоо менен коштолду. Айзаданын уурдалышы боюнча кылмыш ишинде 6-апрелде Матмусаев кол койгон, уурдалгандын эртеси күнү 11 тергөөчү жана 13 опер кызматкеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнү тууралуу жасалма буйрук тиркелген.

Мындай ар кыл деңгээлдеги милиция жана прокурорлор кол койгон жасалма буйрук, көрсөтмө, иш-чаранын пландары сыяктуу таңгак-таңгак документтер бар. Аларды окуп чыксаңыз, ушунчалык чынчыл милиция жана прокуратура кызматкерлери бар экенине таң калышыңыз мүмкүн», — деп белгилеген ал.

Токтакуновдун айтымында, бул документтерди эки ай мурда милиция кызматкерлеринин шалаакылык ишин тергеп жаткан УКМКнын тергөөчүсү иштин материалдарынан алып койгон.

«Бирок азыркы күнгө чейин эч ким кылмыш жообуна тартылган эмес. Ал тургай, Матмусаев министрге кеңешчи болуп дайындалыпытыр. Мен УКМК алардан ири суммада пара алып, ишти создуктуруп жатабы деп шекшип жатам»,— деп билдирди ал.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Уурдалган кыздын үй-бүлөсү ала качкандардын бирөөсүн тааный турганын билдирген — ал кыздын артынан түшүп, мажбурлап никеге туруу үчүн мурда дагы уурдоого аракет кылган.

Айзада Канатбекованы уурдаган учур видео көзөмөл камераларына түшүп калган. Сүрөт: байкоочу камерадан скриншот

Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адамдын сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген.

Кийин Айзаданын апасынын адвокаты Нубек Токтакунов экспертиза Канатбекова зордукталганын аныктады деп билдирген.

8-апрелде милиция чара көрбөй жатканына нааразы болгон жүздөгөн жаран Бишкек жана Ош шаарларында митингге чыгышкан. Чогулгандар Бишкек ИИББнин жана ИИМ башчысынын отставкасын талап кылышкан. Милиция кызматынын аткаминерлери маалымат жыйын куруп, уурдалган кызды издөөгө өтө көп убакыт кеткени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Кийин милиция Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар башка шектүүлөрдү да кармап, ТИЗОго киргизген. Ошондой эле, прокуратурадан кызды уурдоо фактысы боюнча милициянын иш-аракетин иликтөө башталганын айткан. «Шалаакылык» беренеси боюнча иш Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлерине карата козголгон.

ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада 12 милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган, алардын арасында Бишкек ШИИББдин башчысы Бакыт Матмусаев бар. Дагы 27 милиционер кызматына толук туура келбеси жөнүндө эскертүү алган, башка беш кызматкерге катаал сөгүш берилген.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши аны уурдап, кийин өз өмүрүн кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнөн улам токтотулган. Айдазанын өлүмүнө байланыштуу, милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси боюнча дагы бир кылмыш ишин УКМК тергеп жатат.