ИИМдин башчысынын отставкасын талап кылган митингди белгисиз кишилер үзгүлтүккө учуратты

ИИМдин имаратынын алдында 15-апрелде ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана өлкөдө аялдардын укугунун сакталышын талап кылган митинг өттү. Ага 50дөн ашык адам катышты. Митингге жарандык активисттер жана Бишкек шаарынынын тургундары чыккан.

Алар уурдалып кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы тийиштүү деңгээлде тергелбей жатканын айтышты. Нааразычылык акциясына Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов да катышты.

Укук коргоочу Рита Карасартова чогулгандар министрдин отставкасын жөн жерден талап кылышпаганын билдирди. Себеби, 44 кызматкерди иштен алуу менен маселе чечилбейт. Министр өзүнүн ишин жөнгө сала албагандыктан ушундай нерселер болуп жатканын кошумчалады.

«Биз болгону министрдин гана отставкасын талап кылып жатабыз, башка эч нерсенин кереги жок. Бир нече кишини кызматтан алып коюп реформа кылып жатам деген болбойт. Системалык түрдө иштер аткарылмайын эч нерсе оңолбойт, биз өткөндөн сабак албай жатабыз», — деди Карасартова.

Активист Зере болсо милиция аларды кармаш үчүн ар кандай шылтоону эле күтүп жатканын белгилеп, Айзаданын өлүмү үчүн ким жооп берерин сурады.

Ал эми Улан Үсөйүн ага ИИМдин ардагерлери келип, имараттын алды кайтарууга алынганын жана акция уюштурууга тыюу салынганын айтканын билдирди.

«Айзаданын өлүмү боюнча буга чейин талаптар айтылган. Министр отставкага кетиши керек, тергөө жүрүш керек деген талаптар коюлган. Бирок тилекке каршы алар аткарылбай жатат. Министр өзү жоопкерчилик алыш керек болчу, тилекке каршы тергөө иши жүрбөй жатат», — деди активист Улан Үсөйүн.

Митинг болуп жатканда өзүн адвокатмын деп тааныштырган Кемелбек Жаманкулов аттуу жаран чогулгандарды сынга алып, тарап кетүүсүн талап кылды. Ал Айзаданын окуясы боюнча тийиштүү жетекчилер жазасын алып, айрымдары кызматтан кеткенин айтты. Ошондой эле, митингге «батыштын акчасын» алган бейөкмөт уюмдары келгенин белгиледи.

«Айзаданын маселеси буга чейин чечилген. Азыркы учурда иш козголуп тергөө жүрүп жатат. Күнөөлүү адамдар жазасын алды. Улан Ниязалиев бул маселени чече албайт. Муну чече турчу ылдый жакта атайын органдар бар. Министр ал бир эле киши ал эмнени чече алат», — деди Жаманкулов.

Бирок митингге чыккан жарандык активисттер «Жетишет, жетишет, жетишет!» деп кыйкырып Жаманкуловду уяткарышты.

Чагымчылдык кылуу аракети

Бир аздан кийин митингчилерди көздөй чымыр денелүү, олбурлуу кишилер келип, аларды ИИМ имаратынын алдынан сүрүп чыгарганга аракет кылды. Алгач милиция кызматкерлери топ-тобу менен келген олбурлуу кишилерди токтотконго аракет кылды, бирок ал ишке ашкан жок. Кепканы баса кийип, бетине бет кап тагып алган кишилер Рита Карасартова жана Өндүрүш Токтонасыров баштаган жарандык активисттерди ИИМдин имаратынын алдынан Эркиндик гүлбагын көздөй сүрүп чыгарды.

Жолду катар жаалданган кишилер «Рита эл душманы», «Бейөкмөт уюмдар кетсин» деп кыйкырып турушту. Андан сырткары топту баштап жүргөндөрдүн бири «Аман кеткениңерге сүйүнгүлө» деп жарандык активисттерге кыйкырды.

Митингге келген айрым жарандык активисттер олбурлуу кишилер алардын телефондорун тартып алып ыргытып салганын айтышты. Алар мындай басымдын баары милиция кызматкерлеринин көзүнчө болгонун, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көрүп турса да чара көрбөгөнүнө нааразы болушту.

Чогулгандарды тынчтандырууга аракет кылган милиция кызматкери жарандык активисттер чагымчылдыкка өздөрү жол берип жатканын айтты.

Министрдин отставкасын талап кылган митинг

Айзадан Канатбекованын өлүмүнөн кийин нааразы болгон жарандык активисттер, юристтер 8-апелде ИИМдин алдында зордук-зомбулукка каршы жана Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИББдин жетекчилигинин кетишин талап кылып, митинг өткөрүшкөн. Анда дагы чагымчылдык жасоо аракеттери болгон.

Айзада Канатбекованын өлүмү

Айзада Канатбекованы Бишкек шаарынан 5-апрель күнү таңкы саат 7де уурдап кетишкен. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери белгисиз үч адам Канатбекованы кызыл түстөгү «Хонда» унаасына күч менен отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткенин аныкташкан.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Ал милиция кабар берген, жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Ошондой эле кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ИИМдин 44 кызматкери жазаланган. Ээлеген кызматынан ИИМдин түзүмүндөгү 12 жетекчи жана бир катар кызматкерлери бошотулган. Алардын арасында Бишкек ШИИББдин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов бар.

Ал эми 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алып, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган. Эки жыл мурун ала качууга кабылган Бурулай Турдалы кызы каза тапкан. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Тема боюнча:

«Аялдар адам эмеспи?» Депутаттар ИИМдин аракетин сынга алып, жазаны күчөтүүнү сунушташты

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Садыр Жапаров: Өнүккөн коомдо ала качууга такыр жол берилбеши керек