Жалал-Абад: Эки жаштагы наристе унаанын алдында калып каза тапты

Жалал-Абад облусунда 25 жаштагы жаран унаасын жылдырып жатып эки жаштагы карындашын байкабай тебелетип алды. Окуя Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында 11-августта катталган. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун директорунун орун басары Айнагүл Бекташова «Клоопко» билдирди.

Бекташованын айтымында, унаанын алдында калган наристе оор жаракат алгандыктан, 7 сааттан кийин ооруканада көз жумган.

«Унаа тебелеп кеткен наристени оор абалда алып келишкен. Дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кирип, биринчи жардам көрсөттүк. Кийин Жалал-Абад облусттук ооруканадан врачтарды чакырдык. Кыз баш сөөгүнөн жана денесинен төртүнчү даражадагы жаракат алыптыр. Тилекке каршы аман алып калууга мүмкүн болгон жок», — деп билдирди Бекташова.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдинбек Жээнтаев наристенин ата-энеси арыз жазуудан баш тарткандыктан эч кандай чара көрүлбөсүн «Клоопко» билдирди.

Ушул сыяктуу окуя үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде да катталган. Анда Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында 4 жашар бала поезддин астында калып, окуя болгон жерден чарчап калган.

Кырсык «Быстровка» — «Жил-Арык» станцияларынын ортосундагы темир жолдо болгон. Поезд кароосуз жүргөн наристени саат 18:20да коюп кеткен.