ТИМ: Ооганстандан 9 кыргызстандык эвакуацияланды

Ооганстандагы туруксуз абалдан улам Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 17-августта кабарлады.

Ведомстводон белгилешкендей, ооган өлкөсүндөгү башка кыргызстандыктар коопсуз аймакта жана алар Кыргызстандын Кабулдагы дипмиссиясынын имаратына жайгаштырылды.

«Кыргызстандан виза алуу жана эвакуациялоо маселеси боюнча жардам сурап кайрылган, этносу боюнча кыргыз болуп саналган, Ооганстандын жарандары тууралуу маалыматтар азыркы убакта такталууда», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

«Баарынын учакка билети бар»

Буга чейин Ооганстандагы Кыргызстандын элчиси Мирослав Ниязов өлкөдө тейлөө тармагында иштеген 20 чакты кыргызстандык бар экенин айткан.

«Азыркы кырдаалда коркунучта калган айрым кыргызстандыктар Казакстандын элчилигине убактылуу жайгаштырылып, ошол жерде турушат. Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү чартердик каттамдарды уюштурганы жатат. Качан экени азырынча белгисиз», — деген Ниязов.

Элчи «бир дагы кыргызстандык көңүл сыртында калбайт, ар биринин колунда учакка билети бар, болгону ар башка күндөргө алынган» деп ишендирген.

Аны менен катар Ниязов Кыргызстандын элчилигинде үч адам иштеп жатканын жана дипломаттар «Талибан» кыймылынын* согушкерлери менен байланышка чыкканын билдирген.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Анын айтымында, талибдер «ар тараптан жардам берип колдоп жатышат» жана кыргызстандыктарды Ооганстандан БАЭ жана башка өлкөлөргө «коопсуз жана кылдат» алып чыгып кетүүгө көмөктөшүүдө. Элчи «Талибан» дипломаттык өкүлчүлүктөргө коопсуздук кепилдигин бергенин кошумчалаган.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген. Мындай тапшырманы Жапаров ТИМге берип, Ооганстандагы кыргызстардын коопсуздугун камсыздоону дагы буйруган.

Тема боюнча: Иманкулов: «Талибандын» тегерегиндеги террордук уюмдар бизге кириши мүмкүн