Ооганстан: «Талибан» Кабулду көзөмөлгө алды, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти

Ашраф Гани

Ооганстандын президенти Ашраф Гани фейсбук баракчасында «кан төгүүгө жол бербеш үчүн» өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун 15-августта билдирди. Ал мындай билдирүүнү «Талибан» кыймылынын* согушкерлери президенттик сарайды басып алгандан кийин жасады.

«Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу», — деп жазды ал.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.

Гани кайсы өлкөгө чыгып кеткенин ачыктаган жок, бирок анын жансакчысы президент үй-бүлөсү менен Өзбекстандын борбору Ташкентке чыгып кеткенин ЖМКларга кабарлады.

Ал эми Ооганстандын улуттук элдештирүү боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла Ашраф Ганини өлкөнүн «мурдагы президенти» деп атады. Анткен менен Гани кайрылуусунда кызматын тапшырганы тууралуу сөз кылган эмес.

«Ооганстандын мурдагы президенти Ооганстандан чыгып кетип, өлкөнү оор кылдаалда калтырып кетти. Ал Кудайдын астында жооп бериши керек», — деди Абдулла.

«Талибан» экстремисттик кыймылы 2021-жылдын май айынан тарта Ооганстандын аймактарын басып ала баштаган. Ал убакытта «Талибан» менен күрөшкөн НАТО аскерий-саясий уюмунун аскерлеринин көп бөлүгү өлкөдөн чыгарылып кеткен. АКШнын президенти Жо Байдендин айтымында, НАТОнун күчтөрү Ооганстандан 11-сентябрга чейин толугу менен чыгарылат.

15-августта Ооганстандын Ички иштер министрлиги талибдер Кабулга чабуул жасоого даярданып жатканын кабарлап, борбор калаа «Талибанга» тынчтык жолу менен өткөрүлө турганын билдирген. Ал эми «Талибандын» жетекчилиги Кабулдан чыгып кетүүнү көздөгөн тургундар тоскоолсуз кете алышат деп ишендирген.

Соцтармактарда Кабулдун аэропортунда миңдеген киши учактарга жабышып өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет жасап жатканы тартылган тасмалар жайылууда.

Мындан сырткары, Mash телеграм-каналы ооган-өзбек чек арасына алып барган унаа жолунда тыгын пайда болгон тасманы жарыялады.

Ал арада АКШ, Сауд Арабия жана Германия өзүнүн дипломаттарын эвакуациялады. Ал эми Орусия элчиликти Ооганстандан чыгаруу кажет эмес деп билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы элчилик адатагыдай ишин улантып, кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды мекенине эвакуациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын кабарлады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иманкулов: «Талибандын» тегерегиндеги террордук уюмдар бизге кириши мүмкүн