Ысык-Көл. 43 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип маркумдун кайниси кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 43 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип, маркумдун кайниси кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнен кабарлашты.

Ысык-Көл ОИИБнин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдиргендей, 21-июлда болгон окуя тууралуу маалымат милицияга облустук ооруканадан түшкөн.

«Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынан жашы болжол менен 40-45 жаштагы европа улутундагы адам денесиндеги оор жаратынан улам каза болгондугу тууралуу Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам тобу барган учурда маркум киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган», — деди Усубакунов.

Усубалиевдин айтымында, тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында 22-июлда кылмышка шектүү катары маркумдун 30 жаштагы кайниси кармалган. Ал сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

«Шектүүнүн айтымында, жездеси менен дүкөндөн спирт ичимдигин сатып алып ичишкен. Кызып калганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал жездесин сабап, кетип калган», — деди басма сөз катчы.

Аталган факты КЖБРге «Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка атайылап зыян келтирүү» беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Шектүүгө 24-июлда шаардык сот тарабынан камакка алуу чечими кабыл алынган. Тергөө амалдары уланууда.

Ушундай эле окуя 12-августта Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында дагы катталган. Анда 30 жаштагы тургун атасын өлтүрүп, кийин милицияга өзү барып, кылмыш кылганын мойнуна алган.