Чүй: 30 жаштагы киши милицияга келип атасын өлтүрүп алганын айтып берди

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылынын 30 жаштагы тургуну атасын өлтүрүүгө шектелүүдө. Ал 17-августта райондук милицияга өзү келип кылмыш жасаганын айтып берген.

Чүй ОИИБинин маалыматына ылайык, окуя 12-августта орун алган. Шектүү атасы менен пикир келишпестиктен чырдаша кетип, анын денесине жаракат келтирген. Атасы окуя болгон жерде көз жумган.

Аталган факт КЖБРге «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, шектүү тергөө изоляторуна камакка алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Өткөн жылы 30-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Облустук милициядан кармалган тургун 13 жашынан тарта психикалык жактан ооругандыктан каттоодо тургандыгын маалымдашкан. Ал 63 жаштагы атасын кетмен менен башка чаап, мал байлачу жип менен муунтуп өлтүргөнү аныкталган.