Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 5 киши каза болду, жаңы 269 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 18-августка карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 462 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 269 учуру катталды — Бишкек шаарында — 114, Чүй облусунда — 73, Жалал-Абад облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 27, Ош шаарында — 4, Ош облусунда — 14, Нарын облусунда — 7, Талас облусунда — 15. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 172 937ге жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 534 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 164 344 киши оорудан айыкты.