Материалдын түп нускасы «ПолитКлиника» медиасынын сайтында жарык көргөн.
Калкы 4000 адамдан араң ашкан кичинекей Арка айылында 20га жакын май куюучу жай бар. Алардын баары апрелдеги тажик чек арачылары менен болгон кагылышууда өрттөнүп кеткен.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзүнүн маалымат жыйынында бул май куюучу жайлардан күйүүчү май Тажикстанга аткезчилик жол менен чыгарылып турганын айткан.
«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери ал май куюучу жай чоң саясатчылар менен аткаминерлердин жакындарына таандык экенин аныктап чыгышты.
Расмий маалымат боюнча, Орусия Кыргызстанга жылына 1 миллион тоннадан ашык күйүүчү май берет. Бул көлөм өлкөнүн ички муктаждыктарына араң жетет. Ошол эле учурда Арка айылынын тургундары, ал тургай УКМКнын башчысы Ташиев күйүүчү май аткезчилиги фактысын моюнга алышкан.
Жергиликтүү тургундардын аткезчилик фактылары тууралуу көптөгөн билдирүүлөрүнө карабай, укук коргоо органдары тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине күйүүчү жана майлоочу майларды мыйзамсыз ташуунун эки гана фактысы катталган. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар чек арадан ээн -эркин өткөн ондогон жана жүздөгөн жүк ташуучу унааларды көргөнүн айтышты.
ИИМ министринин тууганына тиешелүү май куюучу жай
Май куюучу жайлардын бири Жеңишбек Кожомуратовдун атына катталган. БШКнын маалымат базасында ал Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айылында катталганы жана жергиликтүү кеңештин депутаты болгону жазылат. Ошондой эле Жеңишбек Кожомуратов Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбековдун жакын тууганы.
Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигин 2020-жылдын 11-октябрынан бери жетектеп келет. Ага чейин ал Ички иштер министрлигинде ар кандай жооптуу кызматтарды, анын ичинде Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгынын орун басары дагы болгон.
УКМКнын мурдагы башчысы, андан кийин президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин айтымында, Улан Ниязбековду дайындоо Садыр Жапаровдун саясий чечими менен мүнөздөлөт. Президенттик шайлоо алдындагы дебат учурунда Сегизбаев Улан Ниязбеков 2001-жылы Садыр Жапаровго 138 миң доллар өлчөмүндө насыя алып бергенин билдирген.
«Садыр Жапаров карыздарын төлөй албай калып, эми ал карызды министрлик кызмат менен төлөп жатат», — деген Абдил Сегизбаев президенттикке талапкерлердин дебаттары учурунда.
Ошондой эле, Улан Ниязбеков Матраимов менен байланышы бар деп шектелип келет. «Азаттыктын» бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөсүндө, бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Райымбек Матраимовдун атынан сүйлөгөн. Видеодо Улан Ниязбеков Эмилбек Кимсановго Матраимов аны коргосо, анын ишин «жабууну» убада кылган.
Жеңишбек Кожомуратов өзү «ПолитКлиниканын» журналисттерине министр менен туугандык байланышы бар экенин тастыктап, май куюучу жайдан түшкөн кирешенин аздыгы тууралуу айтты. Бирок ал аткезчилик боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, журналисттерди сөгүп, уулу кабарчыларга кол көтөрдү.
АЗС, депутаттар жана прокурорлор
Арка айылындагы май куюучу жайлардын ээлеринин ичинен журналисттер депутаттар менен байланышы бар бир нече компанияны табышты. «БС-Петрол» компаниясы ушул эле аталыштагы май куйуучу жайдын ээси, компаниянын негиздөөчүлөрү Султанбек Абдуллаев менен Бакыт Шоноев. Шоноев буга чейин «Бир Бол» партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Жергиликтүү аткаминерлердин арасында май куюучу жайлардын саны боюнча рекордсмен Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү. Анын уулу Коңурбайдын 3 май куйуучу бекети бар. Ошондой эле, журналисттер уулу Тыныбек Бостонов менен күйөө баласы Алмаз Айдаровдун Башкы прокуратурада иштерин аныкташты.
Дагы бир «Север-Югойл» компаниясынын май куюучу жайлары жайгашкан эки жер тилкеси бар. Компаниянын негиздөөчүсү Алмазбек Тагаев, директору — анын тууганы Абдибаит Тагаев. 2019-жылга чейин негиздөөчүсү парламенттин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Аккулу Бердиев болчу, ал ЖКнын Энергетика жана жер кендерин пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
Бердиев «ПолитКлиниканын» журналисттерине берген маегинде, депутат болгондон кийин бизнесин инилерине өткөрүп бергенин жана анын май куюучу жайынан аткезчилик жолу менен күйүүчү май Тажикстанга чыкпаганын айткан.
Акылбек Маматов аттуу жаран дагы күйүүчү май бизнеси менен алектенет. Ал дагы бир ЖК депутаты Абдимуктар Маматовдун карачечекей уулу. Ага «Альянс Капитал» компаниясы катталган, анын дагы Арка айылында май куюучу бекети бар. Белгилей кетсек, Абдимуктар Маматов Аккулу Бердиев сыяктуу эле ЖКнын Энергетика комитетинин мүчөсү. Компания бул станцияны УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси болгон «Томас и Ко» компаниясынан белгисиз суммага сатып алган.
2020-жылдын сентябрында «Клооп» басылмасы Абдимуктар Маматовдун уулу Акылбек Маматов жана анын май куюучу станциялар тармагы боюнча иликтөө жарыялаган. Журналисттер анын фирмалары күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жалпы суммасы 1 миллиард сомго 3900 келишимге кол койгонун, анын компаниялары жана кирешелери декларацияда чагылдырылбаганын ачыкташты.
Тема боюнча: Бир үй-бүлө тапкан миллиард. Депутаттын уулу мунайзат ташып кантип байыды?
Депутат Маматов «ПолитКлиниканын» кабарчыларына Арка айылындагы май куюучу бекеттер анын уулунун жеке иши экенин жана өзүнүн бул компаниянын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтты.
Бийлик менен жергиликтүү тургундар эмне дейт
Журналисттер күйүүчү-майлоочу майдын аткезчилиги тууралуу жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө — АЗСтердин ээлери негизинен жергиликтүү тургундар экени белгилүү болду. Алар май куюучу жайларды ижарага беришерин айтып, бирок коопсуздугунан коркуп кимге ижарага бергенин ачык айтуудан баш тартышты.
Кээ бирлери «30-50 миң сомго ижарага бердик» десе, кээ бирлери «Биз аны Жалал-Абаддык балдарга ижарага бергенбиз. Кимге бергенибизди так айткыбыз келбейт. Анткени, мен акыркы жолу журналисттерге айтканымда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, башты оорутуп кетишти», — дейт жергиликтүү тургундардын бири.
Турсунбай Темиров журналисттерге Тажикстандын жарандары тарабынан күйүүчү май куюу фактылары тууралуу ачык айтып келген тургундардын бири. Мындай кичинекей айыл үчүн эки гана май куюуучу жай жетмектигин кошумчалады.
«Биздин айыл аймакка эки май куюучу жай жетмек. Бул жакка 45-50-100 фуралар келип, аткезчилик жол менен Тажикстанга кирип кетишчү. Тажиктер цистерналарга куюп кетип жатышкан», — дейт жергиликтүү тургун Турсунбай Темиров.
Жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Сулайман Эргашов дагы ушул жөнүндө айтып келет — анын айтымында, ал 2012-жылдан бери аткезчилик менен күрөшүп, аткезчилик фактыларды кармап, укук коргоо органдарына өткөрүп берген учурлары болгон. Бирок баарынын жыйынтыгы жок.
«Алар [укук коргоо органдары] иликтеп жатабыз, териштирип жатабыз эле деп айтат, бирок эч кандай жыйынтык жок.
Бул жерде иштеген аткаруучулардын аты-жөнүн ачыкка чыгарышпайт. Аларды кармашары менен Бишкектен телефон чалат, акимди да, башкаларды дагы оозун жабышат. Кечинде 7-8 жүк ташуучу унаа жолдун жээгинде пробка болуп кетет, эртең менен ошол эле унаалар чек арадан өтүшөт», — дейт ал.
Контрабанда бар экендиги тууралуу маалыматты УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жакында өткөргөн маалымат жыйынында тастыктады. Анын айтымында, документтерди Кыргызстандын күйүүчү майларды Кыргызстандагы май куюучу жайларга алып барабыз деп жасашат, чынында, алар коңшу мамлекетке сатылып турган.
«Биз 3-4 ай, жарым жыл күчөтүлгөн режимде иштедик, бирок контрабанданын агымын толук токтото алган жокпуз. Жаңжалдан кийин чек ара толугу менен жабылды, азыр ал жерде аткезчилик жок», — деди Ташиев.