Депутат Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлик кызматына талапкерлигин койду

Парламент депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлик кызматына талапкер болуп катталды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

БШКнын маалыматына ылайык, азырынча Самаевден башка эч ким мэрдин шайлоосуна талапкер болуп катталуу үчүн арызын бере элек.

Боршайком мэрлик кызматка талапкер катары катталуу үчүн документтер 18-август саат 18:00гө чейин кабыл алынаарын эскертет.

Калаа башчылары үч шаарда шайланат: Бишкек, Ош жана Токмок. Шайлоо 26-августка дайындалган.

Самаев тууралуу эмне белгилүү?

Урмат Самаев — «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты. Буга чейин ал 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген, ал жакта шаар мэри болууга да аракет кылган.

Урмат Самаев парламентте

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал «Мекеним Кыргызстан»* партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

*«Мекеним Кыргызстан» Матраимовдордун кланы менен байланыштырылган партия, себеби андан Искендер Матраимов депутаттыкка аттанган.

Самаевдин ысымы бир нече чууда аталган. Ал 2019-жылы январда Токмок шаарына жакын жерде эки аткезчи топтун ортосунда болгон атышууда аты аталган. Ал окуяда жабыркагандардын бири ага Дастан деген бир киши ок атканын билдирген — Жогорку Кеңештин «Чемпион» каймана аты бар депутаты. Кийинчерээк «Чемпион» — бул Урмат Самаев экендиги белгилүү болгон. Ал дагы милицияга суракка чакырылган, бирок окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

Анда «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев аны коргоп, айрым ЖМКлар туура эмес маалымат таратууда, «Самаев эч качан УКТ мүчөсү болгон эмес» деп айтып чыккан. Ал эми депутат өзү спорт менен машыккандыктан «Чемпион» деген атка конуп калганын түшүндүргөн.

Кийинчерек Токмок шаарына жакын жердеги айылдын тургундары Самаев «кысым көрсөтүүдө» деп, милицияга арызданышкан. Алардын айтымында, депутат «Токмоктун милициясын сатып алган» жана Токмок ИИБнин башчысын «көзөмөлдөйт». Урмат Самаев өзү бул айыптарды четке кагып, мындай жол менен аны «каршылаштары дискредитация кылууга аракет кылып жатат» деп билдирген.

Өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген октябрь окуясынан кийин парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева дагы Самаев тарабынан коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматка бекитилген. Жыйында Касымалиева да болгон, бирок бир убактан кийин ал кетип калган.

11-октябрда Касымалиева фейсбук барагында Самаев «залдан артынан калбай ээрчип коркутканын» жазган.

«Урмат мен силерден жана атын айтуудан коркушкан шефиңерден коркпойм. Мен азыркы күнгө чейин коомдук транспорт менен жүрөм, жалгыз жүрөм. Эгерде менин кызым менен, үй-бүлөм менен бир нерсе болсо, анда баары ушул жерде жазылган», — деп билдирген ошондо вице-спикер.

Касымалиева билдирүүсүнүн алдында Самаевди «Чемпион» деп атап коюшарын дагы тастыктаган. Сүрөт: Посттун скриншоту

Кийин ал «Самаев “сабайм же өлтүрөм” деп түз коркутпаганын, бирок коркутуу аракети болгонун» түшүндүргөн.

Самаев өзү 12-октябрда Касымалиеванын айткандарын четке кагып, вице-спикер «жалган» айтууда деп билдирген.