АКШ Кыргызстанда ооганстандык 150 студенттин окуусун төлөп берүүгө даяр

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы ведомство башчысы Руслан Казакбаев 18-августта АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Алан Мельтцер жана АКШ миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтер менен жолукканын билдирди.

Жолугушууда «Талибан»* кыймылынын согушкерлери басып алгандан кийинки Ооганстандагы кырдаал талкууланды.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Казакбаев казак тараптын жардамы менен Кыргызстандын 15 жаранын Ооганстандан эвакуациялоого көмөк көрсөткөнү үчүн АКШга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Сирия жана Ирак өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын аялдары менен балдарын алып чыгуу үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөрдү табуу керектигин кошумчалады.

АКШнын өкүлдөрү өз кезегинде алардын өкмөтү 150 ооган студентинин Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) билим алуусун каржылап берүүгө даяр экенин билдирди.

ТИМ башчысы Кыргызстан Ооганстандык 500 студентти виза менен камсыздап, ошондой эле өлкөгө зарыл делген азык-түлүк түрүндө гумжардам жөнөтүүгө даяр экенин эске салды.

Ооганстандын басылып алынышы

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Өлкөдөн качкандан кийин бир нече сааттан соң ал «кан төгүүгө жол бербеш үчүн» өлкөдөн чыгып кеткенин жазган фейсбук барагында. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген. Мындай тапшырманы Жапаров ТИМге берип, Ооганстандагы кыргызстардын коопсуздугун камсыздоону дагы буйруган.

Ооганстан басып алынгандан кийин эл аралык ЖМКлар өлкөнүн ар кайсы провинцияларында тамак жасоодон же жүзүн жашырган кийим кийүүдөн баш тарткан аялдар талибдер тарабынан өлтүрүлдү деген маалыматтарды тарата баштаган.