Министр Жапаров ЕАЭБдин алкагында доллардан баш тартып, рублга өтүүнү сунуштады

Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус бизнес-форумунда сөз сүйлөп, өзүнүн идеаларын сунуштады. Аны менен бирге Орусиядан кезектеги грантты алууга үмүт кыларын билдирди.

Кыргыз министри эмне дегенин тизмектеп беребиз.

Орус тили жана бир тарых

Орус тилинде сүйлөп тейлеген кызматкерге мас абалындагы кардардын кол салуусу менен коштолгон балдар оюн-зоок борборундагы чуунун шартында — окуя орус саясатчыларынын терс реакциясын жараткан — Жапаров форумда орус тилинин маанилүүлүгү жана Орусия менен Кыргызстандын тарыхы бир экени тууралуу айтты.

«Кыргызстанда Орусияга, анын тарыхы менен маданиятына дайыма сый-урмат менен мамиле жасаларын белгилегим келет. Мисалы, орус тили дайыма алдыңкы тил болуп келген, бүгүн ал өлкөнүн Конституциясына ылайык расмий тил болуп эсептелет», — деди министр.

Ал өлкөдө Лениндин бир дагы эстелиги бузулбаганын белгилеп, Орусия менен Кыргызстандын чогу белгилөөчү майрамдары бар экенине токтолду.

«Урматтуу коллегалар, бизде 23-февраль, 8-март, 1-май бар, бизде 9-май, ал тургай кызыл күн менен белгиленген 7-ноябрь бар. Бул биздин Орусиядагы элчиликтин алдында сүйлөгөн кызуу баштар үчүн [даректелет]. Бүгүн тарыхыңарды карап көргүлөчү, ал жакта эмне бул жерде эмне экенин, биз көбүнесе орус тилдүүбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Андан тышкары, ал өз сөзүндө Кыргызстанды «русофобияга» айыптаган айрым орусиялык саясатчыларды кыйытып өттү өңдөнөт.

«Биз тарыхты парламенттик шайлоонун алдында эки элдин ортосуна от жаккысы келген айрым кызуу кандууларга салыштырганда көбүрөөк сыйлайбыз», — деди ал.

Эмне тууралуу айтып жатат? Орус тилде тейлеген кызга кол салуу: Орус жана кыргыз саясатчылары эмне деди?

Жарым миллиард доллар грант

Минкабдын төрагасынын орун басары Орусия Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна жарым миллиард доллар грант бөлөт деген үмүтү бар экенин айтты. Ошондой эле, бул каражат жаңилдетилген шартта берилсе максатка ылайык болорун белгиледи.

Жапаров ОКӨФ алты жылдык ишинде Орусия бөлгөн «болгон 300 млн долларды» өздөштүргөн деп билдирди. Ал мындай болбошу керек, 2022-жылы дагы жарым миллиард долларды өздөштүрүү керек деп эсептейт.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду Өзбекстандан 100 млн доллар аларын, ушундай эле сумманы Түркмөнстан дагы кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун ачуу үчүн берерин айтып берди.

Доллардан баш тартуу

Жарым миллиард доллар өлчөмүндөгү грант үмүт кылганына карабай, Жапаров форумда доллардан баш тартып, рублга өтөлү деп айтканга үлгүрдү.

«Орусия менен Кыргызстанга котормочу же кулакчындын кереги жок. Анда эмнеге соода-сатыкта доллар деген котормочуну колдонушубуз керек? Биз Орусиядан көптөн бери суранып келебиз», — деди чиновник.

Чек арачылардан баш тартуу

Жапаров ЕАЭБ аймагында чек арачылардын дагы кереги жоктугун айтты.

«Товарлар эркин өтөт деп макулдаштык эле, келгиле аны [келишимди] бузбайлы. Эркин соода жүгүртүү принциби — бар же жогу билинбейт. Бул жерге чек арачылар менен атайын кызматты тартуунун кажети жок. Биздин бизнестин товарларынан баңгизат же жашынып отурган террористтерди издеп», — деди Жапаров чек арачыларды алып салууну сунуштап, себеби ЕАЭБ — «бирдиктүү аймак».

*Ошол эле учурда, ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанды бир нече жолу кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товар өткөрүп, алар Орусия, Казакстан жана Өзбекстанга кыргыз товары катары жеткирилген аткезчиликке айыптаган.