Орус тилде тейлеген кызга кол салуу: Орус жана кыргыз саясатчылары эмне деди?

Вячеслав Володин / Аркадий Дубнов / Дастан Бекешев / Владимир Жириновский

2-августта Бишкек шаарындагы «Технопарк» соода борборунда жайгашкан MagicCity балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине кол салуу болгон. Оюн-зоок борборуна баласын ээрчитип келген кардарга кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган. Натыйжада ал кызматкерди калькулятор менен чаап салган.

Милиция бул окуяны алгач «Майда бейбаштык» менен каттап, 29 жаштагы шектүүнү кармаган. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шектүүгө эскертүү берип, орус тили Конституция боюнча Кыргызстандын расмий тили экенин белгилеген.

Бул окуяга дароо Орусиянын бийлиги жана айрым саясатчылар көңүл бурган. Алар Кыргызстандын бийлиги «орус тилдүү жарандарга кысым көрсөтүү» фактыларына жол берилбеши керектигин билдиришкен. Бул билдирүүлөрдөн кийин эле милиция шектүүнүн беренесин оорлотуп, аны «Ээнбаштык» беренесине өзгөрткөн.

Орусиянын бийлигинин реакциясы

MagicCity’деги окуянын тасмасы 5-августта соцтармактарда тарагандан кийин биринчилерден болуп Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко үн каткан. Ал «улуттук жек көрүүнүн шартындагы агрессивдүү аракеттерди айыптабай коюуга болбойт» деген пикирин жазган.

Удовиченко элчилик окуяга адекваттуу баа берилиши үчүн кыргыз бийлигине атайын кайрыларын белгилеген.

Кийинчерээк, 10-августта, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Удовиченко менен жолугуп, укук коргоо органдары бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын айткан. Казакбаев ички улутчулдуктун айрым учурлары Кыргызстандагы орус улутундагы жарандардын укуктары дайыма бузулуп жатат дегенди билдирбесин баса белгилеген.

«Бул жагынан алганда, Руслан Казакбаев Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн айрым орус саясатчыларынын көңүлүн мындай көйгөйлөр боюнча кескин билдирүүлөрдүн жана аларды эки өлкөнү байланыштырган тарыхый достук мамилелерге шынаа кагууга аракет кылган айрым провокациялык элементтердин көңүлүн алууга тырышып, коомдук мейкиндикке алып чыгууга чакыруу кабыл алынгыс экендигине бурууну суранды», — деп билдиришти ТИМден.

Өз пикирин Жарандык коомчулукту өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча Орусия президентине караштуу кеңешме да билдирди. Кеңешменин мүчөсү Кирилл Вышинский MagicCity’деги окуядан сырткары Ысык-Көлдө орус улутундагы өспүрүмдүн сабалышын да эске салды*.

*Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 9 жаштагы Иванды Ысык-Көл облусунда өткөн дзюдо боюнча спорттук иш-чарада өзү теңдүү 10го чукул бала сабаган. Жабырлануучунун адвокатынын айтымында, ур-токмокко алууга баланын диний ишеними себеп болгон — ал спорт жыйынына барган жалгыз орус улутундагы өспүрүм болгон. Окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жеке көзөмөлгө алган.

«Бул көрүнүштөрдүн негизинде орус тилдүү адамдарды тил жана улут белгилерине карап кысым кылууга аракети жатат [...] Бул окуялар ЕАЭБ жана ЖККУнун мүчөсү болгон Кыргызстанда, Орусия менен стратегиялык кызматташууга багыт алган өлкөдө болгону өзгөчө тынчсызданууну жаратат», — деп жазган Вышинский.

Ал эми 9-августта Орусиянын Мамдумасынын депутаттары Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго кайрылуу жолдоону чечишкен. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, орусиялык депутаттар Мамытовдон MagicCity’деги кол салуу боюнча тергөөнү жеке көзөмөлгө алуусун суранмакчы болушкан.

«Буга чейин да ушундай болгон, орус тили Кыргызстанда расмий тил макамына ээ экенин жана бул жобо өлкөнүн Конституциясында бекитилгенин эске алганда [мындайга] жол берилбеши керек эле. Депутаттар орус тилдүү тургундарга мындай мамиле кылгандарга карата Орусияга кирүүгө тыюу салуу сыяктуу чара көрүү жолдорун иштеп чыгууну сунуштап жатат*», — деп жазган Володин.

*Макала даярдалып жатканда MagicCity’нин кызматкерине кол салган Али Алимбаевге Орусияга 10 жылга кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду.

Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алуу сунушу

Мамдуманын 9-августта болгон жыйынында депутат жана ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүнү сунуштаган.

«Элчи чакыртылсын! Орусиянын Кыргызстандагы элчиси токтоосуз чакыртылсын! Кыргызстан менен коммерциялык байланыштардын баары токтотулсун», — деген Жириновский.

Мындан сырктары саясатчы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштуруп, Орусиядагы кыргыз мигранттарын санын азайтууга чакырган.

Сүрөт Жириновскийдин соцтармактарынан алынды

Митинг учурунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат Жириновскийди элчиликке чакырып, саясатчы менен менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Элчи бул учур «күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын» жана «өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын» белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында Клара-Самат жана Жириновский бул окуяны кызыккан жактар кыргыз-орус мамилесин бузууга аракеттенүү үчүн колдонушу мүмкүн деген пикирге келишкен.

Шайлоонун алдындагы популизм

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым орусиялык саясатчылардын окуяга байланыштуу билдирүүлөрүн Орусияда 19-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында «публикага ойноп жатышат» деп атады.

«Тилекке каршы биздин депутаттар бул боюнча пикирлерин айтып чыккан жок, болгону ТИМ билдирүү жасады. Бирок бул боюнча каттуураак айтып чыгуу керек болчу. Себеби публикага ойноп, бизде орус тили кысымга кабылып жатканы — бул болбогон нерсе. Бизде көп адам орус тилинде сүйлөйт, мен да муну сиздерге орус тилинде айтып жатамын», — деди Бекешев.

Ал эми Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун пикири да депутат Дастан Бекешевдикине окшош. Дубнов окуяга байланыштуу билдирүү жасаган Орусиянын саясатчылары — Володин менен Жириновскийди — парламенттик шайлоонун астында «упай топтогулары келип жатат» деп эсептейт.

«Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы болгон, "улуу державага" болгон сагынычы бар орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш. Жириновский менен Володиндин айткандарын маргиналдардын сөзүнө теңейм жана бул популисттик, примитивдик билдирүү. Алар шайлоочу деп аталган ошол классты түзүп, ага таянууда», — деди Дубнов «Азаттыкка» курган маегинде .

Ошондой эле эксперт бул окуя «Орусияга карата Кыргызстандагы жалпы маанайды көрсөтпөйт» деп белгиледи.

Илья Варламов

Кыргызстанга бир нече жолу келип, Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасынын абалын изилдеген орусиялык блогер Илья Варламов да бул окуя боюнча пикирин жазды.

Блогер MagicCity’деги окуянын маанилүүлүгү соцтармактарда үстөккө-босток болуп айтылып жаткан жатканын билдирди. Варламов орус улутундагы жарандар башка өлкөлөрдө өзүн коопсуз сезгиси келээрин, ошол эле учурда Орусиядагы улуту башка жарандарга дагы сый мамиле жасоо кажет деди.